Бишкек гуманитардык университетинин проректору пара алып жаткан учурда кармалды

Жазылуу
БГУнун проректору дипломдук ишти оң жагына чечип берем деп 300 доллар талап кылган деп шектелүүдө.

Кол кишени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пара алып жаткан БГУ проректору кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришкендей, проректор пара алып жаткан учурда кармалган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Ал дипломдук ишти коргоо боюнча маселени оң жагына чечип берем деп акча талап кылганын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирет. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0