БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Дене тарбия жана спорт агенттигине жаңы жетекчи дайындалганын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Темир Сариевдин буйругуна ылайык, буга чейинки жетекчи Кадырбек Эргешов ээлеген кызматынан алынган.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, жаңы жетекчи болуп Шейшенкул Бакиров дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаардык спорт комитетин башкарып келген.
Эргешов өкмөттүн жыйынында Кыргызстан – Австралия беттешүүсүн уюштуруу боюнча катуу эскертүү алган.