00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Максимальный репост
06:40
20 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунан репортаж
15:09
108 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
“Менин алтын микрафонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Прямые включения с VI Кыргызско-российского экономического форума
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Аячы” фильми зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндердин үнүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Безответственность владельцев: почему нападения собак остаются безнаказанными
20:06
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп батирлүү үйдү тапшыруу аземине катышты.
Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп батирлүү үйдү тапшыруу аземине катышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы ӨКМдин куткаруучуларын жетишкен ийгиликтери, көп жылдык ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн КР президентинин белек сааттары менен сыйлады.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында Куткаруучуларды даярдоонун мамлекеттик борборунда (КДМБ) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп батирлүү үйдү тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет ӨКМ кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, куткаруучулар акыркы 10 жылдын аралыгында 2000ден ашуун куткаруу иштерине катышканын белгиледи. 

"Борбордун кызматкерлери 867 адамдын өмүрүн сактап калышкан. 2006-жылы сиздер Нарын облусунун Кочкор районундагы жана Ош облусунун Нура айылындагы жер титирөөлөрдөн жапа чеккен жарандарга жардам бердиңиздер. Борбордун жеке курамы Төө-Ашууда жана башка климаттык шарттары татаал региондордо жарандардын коопсуздугун камсыз кылат", — деди өлкө башчы.

Президент мындан бир жыл мурда да ӨКМ кызматкерлери үчүн эле көп квартиралуу үйдүн ачылышы өткөнүн эске салды. Ошондо куткаруучулар борборунун кызматкерлери үчүн дагы бир 18 квартиралуу үй куруу чечими кабыл алынган. 

"Куткаруучулар жана аскер адамдары кыйынчылык мезгилде өлкөбүздүн жарандары үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалууга даяр. Силер чыныгы мекенчилсиңер", — деди Атамбаев.

Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучулар Комсомол көлмөсүнө чөгүп бараткан 3 адамды куткарышты
Президент куткаруучуларды жаңы конушу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куткаруучуларды жетишкен ийгиликтери, көп жылдык ак ниет эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн КР президентинин белек сааттары менен сыйлады.

18 батирлүү үйдүн курулушуна республикалык бюджеттен 21,5 млн. сом сарпталган. Андан тышкары, президентинин буйругу менен ӨКМдин куткаруучулар борборунун машыгуучу залына спорт шаймандарын сатып алууга 500 миң сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0