БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Куткаруучулар Комсомол көлмөсүнө чөгүп бараткан 3 адамды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үч окуя тең бир күндө болгон. Куткаруучулар түшкү саат 3.30да, 5.20да жана 5.45те сууга чөгүп бараткан жарандарды куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Бишкек шаарынын Свердлов районунда орун алган Комсомол көлмөсүндө куткаруучулар күзөт жүргүзүүдө.
ӨКМ сууга түшүүдө эрежелерди сактоо керектигин эскертет.