Эксперт Армениядагы митингдер тууралуу: Кыргызстан кийинки кезекте турушу мүмкүн

© AFP / KAREN MINASYANЕревандагы митингчилер. Архив
Еревандагы митингчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы кырдаал тышкы коркунучту жараткан "Ислам мамлекети, "Өзбекстан ислам кыймылы" же башка экстремисттик топтордон эмес, парламенттик, андан кийин президенттик шайлоодо "оюндарын" баштай турган жергиликтүү элитанын аракеттеринен чайпалышы мүмкүн.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Армениядагы кырдаалдын курчушу "түстүү революциянын" кезегинде кайрадан Кыргызстан тургандыгын көрсөтүп турат. Мындай пикирин "Далил плюс" эксперттик клубунун аналитиги Марс Сариев Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Жер тыңшагыч Маамыттар бардык жерде бар

Аналитиктин айтымында, европа өлкөлөрүнүн жетекчилерин тыңшоо менен байланышкан чыр-чатактарды АКШнын Европаны толук көзөмөлгө алууга далалаты деп түшүнүү керек. Европалыктар Евробиримдиктин экономикасына терс таасир тийгизген саясий оюндарга баш-оту менен кирип кетишкенин эми түшүнүп отурушат. Бирок америкалык достордун таасиринен чыгуу кыйла татаал.

"Тыңшоо АКШ элчиликтеринин жаңыдан курулуп жаткан имараттарынан жүргүзүлдү деген пикир чындыктан өтө деле алыс эмес", — дейт Сариев. 

Американын Кыргызстанда да курулуп жаткан элчилигинин имараты башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын шектенүүсүн жаратпай койгон жок. Украина учактары менен келген "жашыруун жүктөр" жана "дипломатиялык почтанын" түн катып түшүрүлүшү чыракка май гана тамызууда.

"Ал эми элчи болуп жаңы дайындалган Ричар Майлздын ишмердүүлүгүн карасак, өлкө келечеги үчүн кооптуу жагдай жаралат", — дейт эксперт.

Элчиликке келип жаткан жабдуулар — электрондук тыңчылык системасы деген тыянак чындыкка жакын. Геосаясий жактан Кыргызстан тыңчылык аракеттер үчүн өтө эле ыңгайлуу аянт. Сариевдин пикиринде, мындай абал Россиянын эле эмес, Кытай, жадагалса, Индонезиянын жана башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын кооптонуусун пайда кылууда.

"Кино бүттү. Свет жок"

Эксперттин пикиринде, Армениянын ЕАЭБге кошулуусу Еревандагы митингдердин негизги себеби болушу толук мүмкүн. 

Электроэнергия жана тарифтер массалык толкундоолор үчүн шылтоо гана болду. Тарифтерди жогорулатууну токтоткондон кийин да митингчилер майдандан кетүүгө шашылган жок, болгону алардын талабы өзгөрүп бара жатат.

"Еревандагы абал Киевдин сценарийин кайталоодо. Ал эми АКШнын Армениядагы элчилиги да стратегиялык маанилүү аймакта Ак үйдүн таасирин жайылтуу үчүн бардык аракетин көрүп жатканы айтпаса да түшүнүктүү", — дейт Сариев.

"Бөлүп ал да, башкара бер"

Аналитиктин айтымында, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу Вашингтондун көңүл сыртында калбайт. 

"Кыргызстандагы кырдаал тышкы коркунучту жараткан "Ислам мамлекети, "Өзбектсан ислам кыймылы" же башка экстремисттик топтордон эмес, парламенттик, андан кийин президенттик шайлоодо "оюндарын" баштай турган жергиликтүү элитанын аракеттеринен чайпалышы мүмкүн", — дейт эксперт. 

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ элчилиги үчүн дагы бир жүк келди
Марс Сариев "бөлүп ал да, башкара бер" урааны менен жашаган Батыштын бөлүп-жаруучулук күчтөрү Кыргызстанда бийлик менен оппозициянын кызыкчылыгы менен ойной турганын белгилейт. 

Мындай шартта өнүгүүнүн тандалып алынган багыты менен алдыга жылуу керектигин, мамлекет үчүнчү ирет саясий жана экономикалык кыйроону көтөрө албай турганын түшүнүү зарылдыгы башкы маселеге айланат дейт эксперт.

Жаңылыктар түрмөгү
0