БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бешинчи сессиянын жабылуу аземинде сүйлөп жатып, жаңы мамлекеттик башкаруу жолунда парламенттин иш ыргагын жолго салуу оңойго турбагандыгын айтты.
"Ошого карабастан, кыргыз парламенти жаңы шартта, жаңы нукта ишенимдүү кадам таштап, ишти жолго коё алдык", — деди Жээнбеков.
Ал парламент калктын актуалдуу делген маселелерин талкуулаган, тараптарды мунасага чакырган аянтчага айланганын айтты.
"Парламент бардык эл катмарынын мүдөөлөрү жана таламдары кеңири талкууланган саясий майданга айланды. Мурдагыдай оппозициянын үнү көчөдө, эл чогулган жайларда гана айтылып кала бербей, парламенттин өзүндө орун алды. Президент жана өкмөт менен кызматташуунун конструктивдүү формасын таба алдык", — деп белгиледи ЖК төрагасы.
Спикер депутаттар кийинкиге калган айрым мыйзам долбоорлорун, маселелерди талкуулоону сентябрь айында улантарын кошумчалады.