БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Түтүктөрдө газдын чыгышын жоюу иштери аяктап, 26-июндан баштап Бишкекте жаратылыш газы толугу менен бериле баштаганын "Газпром Кыргызстан" ЖЧК билдирет.
Буга чейин ишкана түтүктөрдү оңдоп-түзөө үчүн шаардын Жумабек, Ибраимов, Москва, Сүйүмбаев, Шопоков, Токтогул, Чүй, Жаш гвардия, Киев, Исанов көчөлөрүнүн аймагындагы үйлөрдө газ берүү токтотуларын кабарлаган.
Маалыматка ылайык, 22-июндан 6-июлга чейин пландаштырылган ремонт иштери мөөнөтүнөн эрте аяктап, учурда аталган райондор толук газ менен камсыздалды.