00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как ЕАЭС готовится к сезонным вспышкам инфекций
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Бляшки, тромбы и риск инсульта: кардиолог о том, что нужно знать каждому
14:05
60 мин
Ачык кеп
Үй-бүлөлүк зомбулук курч бойдон калууда – Акыйкатчы институтуна жылына 10 миңге жакын кайрылуу түшөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Фильм «Унчукпа» - как снять триллер на реальных событиях
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
19:06
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Үй-бүлөлүк зомбулук курч бойдон калууда – Акыйкатчы институтуна жылына 10 миңге жакын кайрылуу түшөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө Венеция комиссиясы тынчсызданат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонституцияны өзгөртүү боюнча документ. Архив
Конституцияны өзгөртүү боюнча документ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын кол тийбестиги сакталышы керек. Саясий партиялар же фракциялар көйгөй чече турган укукту өзүнө албашы кажет. Конституциялык көзөмөлдү камсыздап туруу үчүн Конституциялык палата сот бийлиги катары сакталып калышы зарыл деп айтылат Венеция комиссиясынын сунушунда.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция Конституцияга сунуштап жаткан өзгөртүүлөргө Венеция комиссиясы тынчсызданып, мындай кадам демократиянын негизги принциптерине шек жаратарын өзүнүн отчетунда белгиледи.

Шеримкулов: Конституцияны өзгөртүү демилгесин токтотпосоңор, аягы жакшы болбойт
Май айынын аягында парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын лидерлери тарабынан "Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча референдум өткөрүү демилгеленген. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр негизинен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерин дайындоого, депутаттарды фракциядан чыгарууга, Жогорку соттун төрагасынын, анын орун басарларынын статусуна жана Конституциялык палатанын статусуна байланыштуу.

Венеция комиссиясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча көпчүлүк коалициянын демилгеси бийликти бөлүштүрүүгө жана көз карандысыз сот бийлигине шек жаратарын белгилеп, өз сунуштарын берди.

Ага ылайык, депутаттын кол тийбестиги сакталышы керек. Саясий партиялар же фракциялар көйгөй чече турган укукту өзүнө албашы кажет. Конституциялык көзөмөлдү камсыздап туруу үчүн Конституциялык палата сот бийлиги катары сакталып калышы зарыл. Ошондой эле Жогорку соттун, Конституциялык палатынан сотторунун, жергиликтүү соттордун төрагалары жана орун басарларынын кызмат мөөнөтү Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө дуушар болбошу керек деп айтылат Венеция комиссиясынын сунушунда.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси Жогорку Кеңеште да кызуу талкууланган. "Ар-Намыс" фракциясынын жана көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Куловдун айтымында баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү элдин пикирин эске алуу менен демилгеленген. 

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө
Кулов белгилегендей, шайлоочулар Кыргызстанда бийлик вертикалынын жоктугун, эч кандай реформа жана жаңылануулар болбогондуктан, сот системасына ишенимдин төмөндөп кеткенин айтышкан. 

Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 23-июндагы жыйынында референдум өткөрүү жана Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жактырган. Феликс Кулов референдумду парламенттик шайлоо өткөн күн менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатат.

Апрель окуяларынан кийинки 2010-жылы өткөрүлгөн референдумда өлкөнүн башкы документине 2020-жылга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мораторий жарыялоо чечими кабыл алынган. Мораторийди алып салуу үчүн жалпы элдик референдум өтүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0