00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как будет проходить сельскохозяйственная перепись в Кыргызстане
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Паспорт без второго согласия: как может измениться выезд детей за границу
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эл аралык сынак жана инклюзия: сурдокотормочуларды даярдоого грант
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Кыргызтелеком» улуттук телекоммуникация оператору статусуна ээ болду — эмне өзгөрөт?
13:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Евразийский узел. Почему агрессия против Ирана вредит интересам России, Китая и ЦА?
20:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мигранттар үчүн экзамен суроолорунун жашыруун болушуна Коомдук палата каршы чыкты

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүСынактагы мигрант. Архив
Сынактагы мигрант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Елена Сутормина суроолордун тизмеси жана башка экзамендин материалдары ачык жана жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Коомдук палата мигранттар үчүн экзамен билеттеринин жашыруун болушуна каршы чыкканын Россиянын Коомдук палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандык мигранттар оору тууралуу баарынан көп билет
Майдын ортосунда Россиянын Федералдык миграция комитети бир катар оңдоолор камтылган федералдык мыйзамдын долбоорун макулдашууга берген эле. Ага ылайык, чет элдик жарандардын үч категориясы үчүн керектүү упайларды ажыратып айырмалоону мыйзам аркылуу бекитүү жана кийинки деңгээлге өтүү үчүн экзамендин жыйынтыктары төмөнүрөөк деңгээлдер үчүн да жарактуу болот деген принципти бекитүү, ошондой эле текшерүү материалдарына карата талаптарды катуулатуу жана өз мекенинде орус тили экинчи мамлекеттик тил болуп эсептелген чет элдиктерди орус тили боюнча экзаменден бошотуу каралган.

25-июнда Россиянын Коомдук палатасында "Орус тили, Россиянын тарыхы жан РФтин мыйзам негиздери боюнча комплекстүү экзаменди киргизүү жагынан федералдык мыйзамдарды жакшыртуу жөнүндө" коомдук угуулар өттү. 

Коомдук дипломатияны өнүктүрүү жана бөтөн жердеги мекендештерди колдоо боюнча комиссиянын төрайымы Елена Сутормина аталган оңдоолордун баары максатка ылайык, бирок текшерүү материалдарына карата талаптарды катуулатуу жана суроолорду өзгөртүү дегенге макул эместигин айтты. 

"Биз мындай көз карашка макул эмеспиз, себеби экзамен алуу системасынын башкы максаты — мигранттар үчүн кыйынчылыктарды жаратып, бөгөт коюу эмес, алардын биздин жерде ылайыкташуусуна көмөк кылуу", — деди ал.

Сутормина суроолордун тизмеси жана башка экзамендин материалдары ачык жана жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Россиянын Эл достугу университетинин проректору Анжела Должникова экзамендин талаптарын катуулатуу маселеси боюнча таптакыр карама-каршы пикирлер айтылып жатканын жана экзамендер бир жагынан жасалма көрүнүшкө, экинчи жагынан мигранттар үчүн олуттуу бөгөткө айланбашы үчүн, жакшы таразалап чечим кабыл алынышы керектигин айтат.

Мигранттар үчүн жаңы макулдашуунун артыкчылыктарын элчи айтып берди
Мындай ойго Россиянын Федералдык миграция комитетинин алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы Владимир Волох да макул экенин билдирип, бул система аймактык деңгээлде кандай иштей турганына кылдат көз салыш керектигин белгилдеди. Дал ошол чет аймактарда белгилүү бир маселелер жана кыйынчылыктар пайда болууда дейт ал.

Миграциялык саясат боюнча Коомдук палатанын жумушчу тобунун жетекчиси Владимир Шапошников тест өткөрүү борборлору иштеп жаткан жарым жыл ичинде чечүүнү талап кылган бир катар суроолор бар экени айкын болгонун, Коомдук палатага кайрылгандар көп экенин, дал ушунун аркасында кайсы маселенин үстүндө дагы иш алып баруу керектиги аныкталганын баса белгиледи.

Отурумду жыйынтыктап жатып, Елена Сутормина орус тилин кенен жайылтуу үчүн жакынкы чет өлкөлөрдөн окутуу борборлорун ачуу, ошондой эле жергиликтүү мугалимдерге орус тилин окутуу ыкмаларын үйрөтүүнүн зор маанисин белгиледи. 

"Коомдук дипломатияны өнүктүрүү жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча комиссиянын ишинде башкы багыттардын бири ушул", — деди ал. 

Аталган комиссиянын күчү менен Ошто борбор ачылып, бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Елена Сутормина угууга катышкандардын бардык сын-пикирлери эске алынарына жана иш-чаранын жыйынтыктары боюнча бийликтин ыйгарым укуктуу органдары үчүн сунуштар иштелип чыгарына ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0