Чет элдиктер уюлдук байланыш компаниясынын 25 млн. сомдук трафигин уурдады деп шектелүүдө

Жазылуу
ИИМ кызматкерлери уюлдук байланыш компаниясынын трафигин уурдаган деген шек менен Түркиянын жарандарын кармады. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, чет элдиктердин жасаган аракеттеринен келтирилген зыян 25 миллион сомду түзгөн.

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. ИИМдин онунчу башкы башкармалыгы Түркиянын жарандары тарабынан жасалган жогорку технологиялар тармагындагы кылмышты аныктагандыгын ведомствонун маалымат кызматы билдирет. 

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө мыйзамсыз иш алып барган чет элдик жарандар кармалды
ИИМге эл аралык байланыш кызматын мыйзамсыз көрсөтүп жаткан чет элдик жарандар туурасында маалымат келип түшкөн. Токтоосуз иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелүүчүлөр катары Түркиянын жарандары аныкталган.

Маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, алдамчылыкка шектелгендер үстүдөгү жылдын май айында Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндөгү батирлердин бирин ижарага алып, уюлдук байланыш операторунун офисине бир нече жүз метр аралыкта орун алышкан.

Оперативдик кызматкерлер уюлдук байланыш операторунун сырткары, эл аралык байланыш кызматын көрсөтүп жаткан көмүскө байланыш булагын аныкташкан. Ошол эле жерден бул кызматты мыйзамсыз көрсөтүп жаткан кылмыштуу топ кармалган.

"Батирде укук кызматкерлери чет элдик абоненттер менен байланыштыруучу атайын орнотулган жабдууларды табышкан. Атайын телекоммуникациялык жабдуулар жана мыйзамсыз иш-аракет үчүн пайдаланылган байланыш операторлорунун SIM-карталары алынды", — деп билдирет ИИМ.

Аталган квартирада Мегакомдун жаңы 100 SIM-картасы менен Түркиянын жараны кармалган.

"Батирде мыйзамсыз эл аралык байланыш кызматын көрсөтүүчү атайын: мыйзамсыз байланыштыруу үчүн MegaCom жана "Билайн" компанияларынын 62 SIM-картасы жүктөлгөн SIM-бокс табылып алынды. Андан тышкары, 40 бокс антенна жана колдонула элек 300 SIM-карта, 250 колдонулган карта, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтарга эсеп жүргүзүү үчүн ноутбук табылды", — деп билдирет министрликтин маалымат кызматы. 

Сот балтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот 300 миң доллар алды деп алдамчылыкка шектелген аялды бошотуп жиберди
Ошондой эле милиция кызматкерлери оперативдүү маалыматтар боюнча мурда кармалгандын шериги болуп эсептелген Түркиянын дагы бир жаранын колго түшүрдү. 

Кармалгандар Бишкек ИИББдин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") боюнча кылмыш иши козголду. 

Алдын ала маалымат боюнча, уюлдук байланыш компаниясына келтирилген зыяндын көлөмү 25 миллион сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0