00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кибер алдамчылык: улуу муун эмне үчүн көбүрөөк жабыркайт жана кантип сактануу керек?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев: КР өз кызыкчылыгынан кечип, башка өлкөлөрдү суу менен камсыз кылууда

© Sputnik / Шерстенников / Медиабанкка өтүүТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр республика ири көлөмдөгү сууга ээ болуп туруп, башка өлкөлөрдү камсыз кылуу менен, өз муктаждыктарын толук канааттандырбайт деп эсептейт. Ошону менен катар КР макулдашууларга ылайык толук компенсация албай келет.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Суу — бүгүнкү күндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн негизги бейкуттук факторуна айланып бара жаткан жашоо үчүн өтө зарыл табигый ресурс деп билдирди "Суу өмүр үчүн" деп аталган жогорку даражалуу эл аралык конференцияда премьер-министр Темир Сариев.

Ал конференцияда чыгып сүйлөгөн расмий сөзүндө энергетикалык коопсуздук үчүн Кыргызстан өз аймагында экологиялык таза энергетика булагы болуп эсептелүүчү ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен ишке ашырып жаткандыгын белгиледи.

"Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу Токтогул суу сактагычын энергетикалык эмес, сугат багытында иштешине мүмкүндүк берет. Аталган ГЭСтердин суу сактагычтары суу ресурстарын тең салмактуу пайдалануу тартибине өтүп, өлкөнүн суу агымдарынын төмөн жагында жайгашкан сугат талааларын суу менен ишенимдүү камсыз кылууга шарт түзөт", — деди Сариев.

Премьер ГЭСтерди куруу менен гана сугат мезгилиндеги суунун тартыштыгын чечүүгө болот деп эсептейт.

Ал конференцияда азыр аймакта суу ресурстарын бөлүштүрүү Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп бербей турганын, айрыкча бул аймактын суу корлорун калыптандыруучу өлкөлөргө тиешелүү экендигин белгиледи. 

"КР биздин эл аралык өнөктөштөр гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырып, республиканын жана бүтүндөй аймактын энергетикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-аракеттерди активдүү колдойт деген ишеничин билдирет", — деп белгиледи өкмөт башчысы.

Анын пикиринде, энергетикалык жана сугат кызыкчылыктарынын теңдешсиздиги, сууну жыл мезгилине жараша пайдалануунун да тең эместиги карама-каршылыктарды күчөтүп жатат.

"Кыргызстан менен Тажикстан — суунун ири запастарына ээлик кылат, бирок учурда калыптанган мамилелердин алкагында аймак үчүн эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк тең салмактуулукту кармап туруу үчүн олуттуу болуп эсептелген суу корлорун топтоп жана сактагандык үчүн татыктуу экономикалык компенсация албай келет", — деп баса белгиледи Сариев.

Ал Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн толтуруу үчүн өкмөт кыш мезгилинде калкка электр жарыгын берүүнү токтотуп, коңшу өлкөлөрдүн сугат мезгили үчүн суу топтоого аргасыз болуп жатканын кошумчалады. 

"Бул биздин өлкө эл аралык документтерде каралган компенсацияларды жетиштүү албагандыгына карабай, суу агымынан төмөн жакта жайгашкан мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн көрүлгөн аргасыз чаралар болуп эсептелет", — деп чечмеледи премьер-министр.

Сариев менен Рахмон электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин талкуулашты
Ал тиги же бул келишимге кошулуу, тилекке каршы, анын катышуучуларынын баары келишимдин жоболорун толук аткарат дегенди билдирбей турганын белгиледи. Сариев Борбордук Азия чөлкөмүндөгү суу маселелерин чечүүгө БУУ активдүү катышуусу керек деп эсептейт.

Премьер белгилегендей, Кыргызстан суу-энергетика маселелерин эки тараптуу мамилелердин да, көп тараптуу механизмдердин да алкагында талкуулоого дайыма ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0