БИШКЕК, 8-июнь — Sputnik. ЖКнын комитети Кыргызстандагы билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө аталган министрликтин 2010-2015-жылдардагы иши жөнүндө жыйын өткөрөт.
Жыйын 8-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде өтөт. Аны Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети өткөрөт. Ага башкы прокурор Индира Жолдубаева, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов, Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев жана бир катар министрликтер менен ведомостволордун жетекчилери чакырылган.