БИШКЕК, 3 июнь — Sputnik. АКШ элчилиги ушул убакка чейин атташенин катышуусу менен болгон жол кырсыгына эч кандай аракет көрө электигин окуядан жабыр тарткан унаа ээси Динара Эгинбаева Sputnik агенттигине билдирди.
Эгинбаева окуя 16-май күнү "Рубин" дүкөнүнүн жанындагы көчөлөрдүн кесилишинде болгонун айтууда. Тыгында Эгинбаеванын Toyota Ipsum унаасы D 0188 дипномерлүү ак түстөгү Volkswagen Touareg машинасы менен кагылышуудан жабыр тарткан. Жабырлануучу бул ишти элчилик "эптеп жаап коюуга" аракеттенип жатат деген оюн билдирүүдө.
Элчилик аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.
"Атташе кечирим суроону ойлонуп да койгон жок. Экспертиза өткөрүлбөгөндүктөн, алар күнөөсүн моюнга албай жатышат. Дипломатиялык мекеме бүгүнкү күнгө чейин экспертиза өткөрүү үчүн унааны чыгаруу талабына оң жооп бербей жатышат", — дейт жабыркаган машинанын жүргүнчүсү.
Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандарга иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамдарын бузууга тыюу салынган нотаны элчиликке жибергенин тастыктады.
Редакция түшүндүрмө алуу үчүн дипөкүлчүккө кайрылды. Кабарчынын суроолоруна маалымат кызматы азырынча жооп бере элек.