00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:07
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШ элчилиги атташе катышкан жол кырсыгы боюнча комментарий берди

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАКШ мамлекетинин желеги. Архив
АКШ мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүзүлгөн автоунаанын жүргүнчүсү Динара Эгинбаева АКШнын элчилиги атташе катышкан жол кырсыгын тымызын бүтүрүүгө аракет кылып жатат деген оюн билдирген болчу.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Учурда АКШ элчилигинин атташеси Грэт Мери Луиз катышкан жол кырсыгы боюнча бардык жагдайлар териштирилип жатканын Америка элчилигинин маалымат кызматынан Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Буга чейин Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматы АКШ элчилигинин 65 жаштагы атташеси катышкан жол кырсыгы боюнча факты териштирилип жатканын билдирген болчу. Жол кайгуул кызматы жол кырсыгын АКШ элчилигинин өкүлү күнөөлүү деп каттаган. 

"Учурда Жол кайгуул кызматы жана КР Тышкы иштер министрлиги менен окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн иштеп жатабыз. Атташенин күнөөсү аныктала турган болсо – чара көрөбүз", — деп билдирди элчиликтин маалымат кызматы.

Сүзүлгөн автоунаанын жүргүнчүсү Динара Эгинбаева АКШнын элчилиги атташе катышкан жол кырсыгын тымызын бүтүрүүгө аракет кылып жатат деген оюн билдирген болчу.

Эгинбаева: АКШ элчилиги атташе катышкан жол кырсыгын тымызын бүтүрүүгө аракеттенүүдө
Жабыр тарткан жүргүнчү Эгинбаева окуя кандай болгону боюнча өз пикирин билдирген. 16-майда болжол менен кечки саат 21.00дөрдө иниси менен Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги автотыгында турушкан. Бул күнү борбордук "Ала-Тоо" аянтында Энелер күнүнө карата концерт болгон.

Анын айтымында, алар Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаасы менен "Рубин" дүкөнүнүн жанында турганда, ак түстөгү Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү дипломатиялык D 01 88 номерлүү автоунаа артынан келип сүзгөн. Дипломатиялык автоунаада отурган аял өзүн өтө агрессивдүү алып жүргөн. Ал "I will push" (Түртүп салам— англ), деген сөздү кайталап, кичине артка жылып, астындагы автоунааны дагы бир ирет сүзгөн. 

Эгинбаева бир жумадан бери көрсөтмө берүүгө барып жатканын айтып, бирок Американын элчилиги тарабынан эч ким келбей жатканын кошумчалаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0