БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Сирияга барам деген ынанымда жүргөн үч адам сүйлөшүү, түшүндүрүү иштеринен кийин кетпей калышты деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
УКМК "Ислам мамлекетинин" идеясына азгырылган Ысык-Көл облусунун үч жаранына эскертүү берген.
Алар менен туугандары, жакындары сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, "жихадга" аттануу оюнан кайтып, Кыргызстанда калышкан.
УКМКнын маалымат кызматынан 24 жаштагы бул балдар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жашап турушкандыгын билдиришти.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин өкүлү Сирия, Иракка жаңыдан кызыгып баштагандар кетип жаткандыгын билдирген.