БИШКЕК, 3 июнь— Sputnik. Күмүшбек Шамканов КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.
Шамканов буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген. 2009-жылы МКК статс-катчылык кызматын аркалаган.