Быйыл орто мектепти 67 миңдей окуучу аяктады. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл тогузунчу классты 95 миңдей окуучу аяктап жатат.
Шаардагы 89 мектептерден быйыл 11-классты 4864 окуучу аяктаса, тогузунчу классты 9340 окуучу бүтүүдө.
Аталган министрлик бул күнү окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн коомдук жайларды кандайдыр бир майрамдарды уюштурууга тыюу салуу боюнча буйрук чыгарган.
Шаардык ИИББден билдиришкендей, окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн 500дөй милиция кызматкери иштейт. Ошондой эле, шаардык Жол кайгуул кызматы да жол коопсуздугун камсыз кылмакчы.