Миландагы "Экспого" кыргыз табиятынын кооздугун чагылдырган видеоролик даярдалды

Жазылуу
КР Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандын жаратылышы жана атактуу жерлери тууралуу тартылган роликтин бет ачарын жасады. Ал Кыргызстанды Миланда (Италия) өтө турган "Экспо-2015" бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө даңазаламакчы.

Италиядагы көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 31-октябрга чейин уланат.

КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, роликтин негизги идеясы – Кыргызстандын табиятынын көркөмүн, туристтик мүмкүнчүлүгүн, маданиятын жана өзгөчөлүгүн көрсөтүү.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Соода-өнөр жай палатасын "Экспо-2015" көргөзмөсүндө Кыргызстан павильонунун Улуттук операторлугуна, ал эми мекеменин жетекчиси Марат Шаршекеевди кыргыз павильону боюнча жооптуу комиссары болуп дайындаган. 

Видеоролик жумушчу тобу менен биргеликте Соода-өнөр жай палатасы тарабынан даярдалып, Кыргызстандагы Германия экономикасынын күндөрүндө, шаршемби күнү тартууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0