https://sputnik.kg/20150520/1015626655.html
Парламент Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимин ратификациялоону колдоду
Парламент Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимин ратификациялоону колдоду
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимин ратификациялоо парламенттин жалпы жыйынында колдоого алынды. 20.05.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-05-20T15:52+0600
2015-05-20T15:52+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101416/84/1014168413_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_b1cfe253a3752f830fa6b4f2c35b4116.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, экономика, жогорку кеңеш, евразиялык экономикалык биримдик, еаэбдеги кыргызстан
кыргызстан, жаңылыктар, саясат, экономика, жогорку кеңеш, евразиялык экономикалык биримдик, еаэбдеги кыргызстан
Парламент Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү келишимин ратификациялоону колдоду
15:52 20.05.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимин ратификациялоо парламенттин жалпы жыйынында колдоого алынды.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди ратификациялоо Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында колдоого алынды. Келишимди колдоого 96 депутат макул, 2 депутат каршы деген добушун берди. Добуш берүүгө 120 депутаттын 98и катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бул чечимдин Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү экенин айтты. Ошондой эле, президенттин, өкмөттүн бул маселенин чечилиши боюнча жасаган эмгеги жогору экенин баса белгиледи.
Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялоону дароо үч окуудан тең жактырды.
Кыргызстан ЕАЭБке кирүү боюнча келишимге 8-майда Москва шаарында кол койгон. Өлкөнүн аталган биримдикке толук кирүүсү үчүн документтер Жогорку Кеңештен ратификацияга колдоо алышы керек. Документтер топтому парламентке 18-майда киргизилген.
Россия, Казакстан жана Белоруссия 2014-жылдын май айында Астана шаарында ЕАЭБди түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Армения да жыл башында аталган уюмга мүчө болгон эле.
Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) — евразиялык интеграциялоонун алкагында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан экономикалык биримдик. Экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграциялоонун алкагында кызматташтык мурдагы советтик мейкиндикте 1990-жылдардын аягынан бери жүргүзүлүп келе жатат. 1999-жылдын 26-февралынан тартып Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан. Ошондой эле 23-декабрда Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке азырынча байкоочулук укук менен кирүү жөнүндө документке кол койгон.