БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Өзбек чек арачыларынын курал колдонуусунун кесепетинен Кыргызстандын эки жараны жарадар болгонун Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Транзиттик жолдо бара жаткан автоунааны токтогонго укугу жок деген эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгондугуна карабастан, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Фергана районунун Каптархана айылына бараткан жолдо токтоп эки аялды – Кыргызстандын жарандарын өз автоунаасына олтургузган.
Муну көргөн Өзбекстандын чек арачылары автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей сапарын уланткан. Өзбек чек ара кезмети унаага ок чыгарып, анын натыйжасында Кыргызстандын эки жараны жаракат алышкан.
Автоунаанын айдоочусу Айдаркен чек ара отрядынын "Айрыбас" чек ара көзөмөл постуна жетип, ал жерде кыргыз чек арачылары жарадар болгондорго биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Автоунаанын айдоочусу Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну, эки жүргүнчү болсо Ош облусунун Ноокат районунун тургундары.
Бул факты боюнча иликтөө башталды. КР Мамлекеттик чек ара кызматы окуянын себептерин жана жагдайын аныктоо максатында Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусун өткөрүүнү мерчемделүүдө.