БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош чек ара отрядынын "Эркечтам" заставасынан бейшемби күнү Кытайдын тогуз жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Чек араны бузган жарандардын жанында алардын ким экенин тастыктай турган документтер болгон эмес. Кармалган жарандар эмне максат менен кыргыз-кытай чек арасынан өткөнүн да түшүндүрүп бере алышкан эмес.
Тийиштүү документтер толтурулган соң Кытайдын жарандары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ош облусунун Алай районундагы кызматкерлерине өткөрүп берилген.