БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун" "Манас-2" аэровокзалдык комплексинде 21-майда аба менен жүк ташуучулардын евразиялык интеграцияга кошулушу боюнча форум өтөт. Бул туурасында аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Борбор Азия аймагында иштегендерди камтыган иш-чарага логистикалык компаниялардын, аэропорттордун өкүлдөрү катышып, бир күн бою бул жааттагы маселелерди талкуулашат.
Аталган форумдун алкагында "Манас" эл аралык аэропорту" жүк ташуучуларга заманбап инфраструктураларды колдонуу менен жүк ташуунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.
Андан сырткары логистикалык компаниялардын, аэропорттордун жана жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашат.