Химиктер айры менен үстүнө жазууга боло турган суюктук жаратышты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүНаучный сотрудник Института. Архивное фото
Научный сотрудник Института. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Химиктер өзүнүн тоңуу чегинен 100 градус төмөн абалда суюк бойдон кала турган жана бардык катуу нерсе менен үстүндө ачык түстүү из калтырып, "жазууга" боло турган бөтөнчө боёгучту жаратышты.

БИШКЕК, 17-май – Sputnik. Химиктердин эл аралык тобу өзүнүн тоңуу чегинен 100 градус төмөн абалда суюк бойдон кала турган жана бардык катуу нерсе менен үстүндө ачык түстүү из калтырып, "жазууга" боло турган бөтөнчө боёгучту жаратышты деп билдирет РИА Новости ACS Central Science журналында жарык көргөн макалага таянуу менен.

"Баарыбыз билгендей, суу болжол менен нөл градуста тоңуп, музга айланат. Бизде болсо "суу" минус жүз градуска барабар абалда суюк бойдон калды", — дейт Кенвун Чун (Kyeongwoon Chung) Мичиган штатынын Энн-Арбор униерситетинен (АКШ).

Чун жана анын университеттеги кесиптештери бул ашыкча муздатылган, абдан төмөн градуста да туруктуу абалын сактоочу бөтөнчө субстанцияны азыркы учурда күндөн азыктануучу батареяларды, дисплейлерди жана транзисторлорду даярдоодо пайдаланыла турган бир катар органикалык пигменттерди турукташтыруу ыкмаларын табууга аракет кылып жатып жаратышкан.

Аталган заттар инженерлер үчүн көп көйгөйлөрдү жаратат, анткени алар өзүнөн өзү эле туура эмес формадагы кристаллдарга айланып кетиши мүмкүн болгондуктан, аларды сактоо жана экинчи жолу пайдалануу өтө татаал. Андан тышкары, мындйорганиканын негизинде жасалган электрониканын ысып кетишти кайра кристаллдашуунун кесепетинен кырсыкка алып келиши ыктымал.

© University of MichiganАйры менен үстүнө жазууга боло турган суюктук
Айры менен үстүнө жазууга боло турган суюктук - Sputnik Кыргызстан
Айры менен үстүнө жазууга боло турган суюктук

Макаланын авторлору аталган органикалык молекуладардын үч ченемдүү структурасын жана түзүлүшүн өзгөртүү менен ушул маселени чечүү араетин жасашкан. Химиктер түшүндүргөндөй, мындай органикалык пигменттердин көпчүлүгү түзүлүшү жагынан эки калактуу кайыкка окшош келет. Бири-бирине жабышкан кызкылтектин эки шакеги "кайык" болсо, алардан чыккан органикалык же органикалык эмес молекулалар калак түрүндө болот.

Чун өз кесиптештери менен аныктагандай, ошол "калактардын" формасы боёгуч түрдүү формадагы кристталлдарга канчалык жеңил айлануусуна жараша болот. Түрдүү үлгүдөгү "калактарды" "калактарга" жармаштыруу жолу менен, алар бир аз убакыттан кийин органикалык пигментти суюк түрүндө калтырып, өзүнүн тоңуу чегинен жүз градус төмөн абалында да катуу затка айланып, кристаллдашпай турган "калактарды" таба алышты.

Дайверы во время погружения. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Science: окумуштуулар дүйнөдө биринчи жолу жылуу кандуу балыкты табышты
Ал бөтөнчө бир касиетке ээ – ага катуу бир нерсени тийгизсе, ошол тийген жердеги молекулалар боёгучтун суюк түрүнө салыштырганда таптакыр башка оптикалык өзгөчөлүккө ээ кристаллдарга айланат. Эч кол тийбеген абалында өзгөчө муздатылган боёгуч жарым-жартылай тунук сары түскө ээ, ал эми бир нерсе тийген жерлери ачык түстүү жана дээрлик тунук кристаллга айланат.

Боёгучтун бул өзгөчөлүгү — аны микро- жана нана-дүйнөсүндөгү жандуу клеткаларды жана башка объекттердин үч ченемдүү так "үлгүлөрүн" алуу үчүн, ошондой эле болочоктогу жарык менен иштей турган компьютерлердин эс тутуму үчүн негиз катары пайдаланууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0