Кыргызстанда чума оорусу үч жерде жанданганы аныкталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКарантин кирүүгө тыюу салынат. Архив
Карантин кирүүгө тыюу салынат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда чума ылаңынын үч очогу: Тянь-Шань — Ысык-Көл жана Нарын областтарында, Алай — Ош областында жана Таласта очогу бар. Алардын жалпы аянты өлкөнүн жалпы жеринин 16,3 пайызын түзөт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Азыркы учурда Кыргызстандын үч жеринде чума микробунун жанданганы байкалууда деп билдирди маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Төлө Исаков.

Республикада чума ылаңынын үч очогу: Тянь-Шань — Ысык-Көл жана Нарын областтарында, Алай — Ош областында жана Таласта очогу бар. Алардын жалпы аянты өлкөнүн жалпы жеринин 16,3 пайызын түзөт.

Исаковдун айтымында, чуманын микробдору чычкан түркүмүндөгү кемирүүчүлөрдөн жана бүргө сыяктуу эктопаразиттерден табылып жатат.

"Инфекция 2013-жылы баарынан күчтүү болуп, анда бул дартка чалдыккан адам көз жумган", — деп эскерди департамент башчысы.

Чуманын микробдору өткөн жылы да аныкталганын ал кошумчалады. Исаковдун пикиринде оорунун жанданышына акыркы 30 жылда КРде чуманын табигый очокторунда профилактикалык иштер жүргүзүлбөгөнү себеп болууда.

"Кырдаалды катуу көзөмөлгө алуу зарыл, антпесе чума бактерияларынын жанданышы республиканын аброюна доо кетирет", — дейт департаменттин директору.

Мисалы, оору аныкталган учурда коңшу мамлекеттер менен чек аралар жабылышы мүмкүн. Бул болсо өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө кесепетин тийгизет.

Исаков мамлекетик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, эл аралык жана донордук уюмдар менен тыгыз өз ара аракеттешүүсү каржылык жактан бекемделгенин билдирди. Булар калкты чумадан ишенимдүү коргоону камсыз кыла алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0