Таранчиевдин туугандары аны менен курман болгон Ткачевге Баатыр наамын ыйгартууга чуркап жүрүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВ КР добиваются звания Героя ВОВ напарнику Таранчиева
В КР добиваются звания Героя ВОВ напарнику Таранчиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайраттуулугу менен легендага айланган Ысмайылбек Таранчиевдин туугандары согушта аны менен кошо учакта курман болгон Ткачевго Россиянын Баатыры наамын берүү үчүн аракеттерди көрүп, кат жазып чуркап жүрүшөт.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Беш-Күңгөй айылынын тургундары Советтер Союузунун Баатыры Ысмайылбек Таранчиевдин менен кошо баатырларча курман болгон Алексей Ткачевго Россиянын Баатыры наамы берилишине аракет кылып жатышат деп билдирет жергиликтүү айыл кеңешинин депутаты Туратбек Навитаев.

"Советтер Союзунун Баатыры, кенже лейтенант Таранчиевдин туугандары тарыхый адилетсиздикти эске алып, кенже сержант Алексей Ткачевго өлгөндөн кийин Россиянын Баатыры наамы берилишине аракеттерди көрүп жатышат", — деди Навитаев.

Баатырдын тууганы Суракан Мамбеталиеванын айтымында, Ысмайылбек Таранчиевдин Алексей Ткачев деген орус досу жана өнөктөшү бар болчу. Ал Таранчиев башкарган "Ил-2" учагында аткыч-радист болгон. 

"Алар отту да, сууну да чогуу кечкен, фашисттин учактарын чогуу атып түшүрүп, өлүмгө да бирге барышкан. Мурда каттарында согуштан кийин Алексей деген бир тууганы менен келе турганын жазчу", — дейт Суракан эже. 

Советтер Союзунун Баатырларынын элеси
Мамбеталиева биз менен болгон маегинде алар курман болордон бир ай мурун, 1944-жылдын 18-февралында алар аскердик тапшырманы ийгиликтүү аткаргандыктары үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана "Ленинградлы коргоо үчүн" төш белгилери менен сыйланганын айтып берди.

Ысмайылбек Таранчиев 1944-жылдын 18-мартында зениттик снаряддын түз тийишинен өрттөнө баштаган өзүнүн учагын май куюуга токтоп турган душмандын танктарына бурган деп айтып берди баатырдын тууганы. Таранга барууну чечип, ал Алексейге "Секир!" деп буйрук кылат. Бирок "мен акырына чейин сени менен болом, командир. Чогуу өлөбүз, бирок, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат.

"Бир полкто кызмат өтөгөн учкучтар Алексейдин пулемёту кагылыш болгонго чейин үнү баспай, фашисттерди кырып отурганын айтышкан", — дейт баатырдын тууганы.

Душмандын топтошуп турган техникасына бурулган учактын жарылуусунан немистердин алты танкы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган дейт Мамбеталиева.

"Ошол кезде Ысмайылбек 21 жашта, Алексей 19 жашта болчу. Таранчиев Советтер Союзунун баатыры наамын эмес, I даражадагы Ата мекендик согуш орденин алган. Бирок Алексей азыркыга чейин эч бир сыйлыкка көрсөтүлө элек", — деп билдирди Суракан эже.

Таранчиевдер Алексей Ткачев жөнүндө маалыматты көп жыл бою издешкен

Навитаевдин айтымында, Ысмайылбек туугандары көп жылдар бою Алексей Ткачев жөнүндө маалымат издеп көп жерге кайрылышкан. Ал балдар үйүндө тарбияланганы, 1923-жылы Смоленск областында төрөлгөнү аларга белгилүү болгон. СССРдин Коргоо министрлигинин архивинде башка маалымат сакталган эмес деди жергиликтүү кеңештин депутаты.

Ал белгилегендей, аталган каармандыктан 47 жыл өткөндөн кийин гана 1991-жылдын 5-майында көп сандаган сурамжылоолордун натыйжасында, Таранчиевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган, жана ал Кыргызстанда акыркы, СССРдин 73-баатыры. 

"Баатырдын туугандары Россия элчилигине, РФтин Коргоо министрлигине Алексей Ткачевго наам ыйгаруу өтүнүчү менен бир топ жолу кайрылган, бирок азыркыга чейин жооп жок", — деп кабатырланат Навитаев.

Нарванын жанында (Эстония) учак түшкөн жерде чакан эстелик орнотулуп, ал эми Беш-Күңгөй айылында баатырлардын ысымдары көчөлөргө берилгенин баса белгиледи ал. 

"Дүйшөмбү күнү биздин айылда учкуч-чабуулчулар Ысмайылбек Таранчиев менен Алексей Ткачевдун оңдолгон эстелиги салтанаттуу ачылат жана эстеликти биринчи жолу эки диндин өкүлдөрү — муфтият менен православ чиркөөсү ырым-жырымдарын өткөрө турганы пландалган", — деп билдирди Навитаев. 

Советтер Союзунун Баатыры Ысмайылбек Таранчиев Кара кыргыз автономдуу областынын Ворошилов районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында туулган. 1941-жылдын 11-июнунда Осоавихим аэроклубун аяктап, 20-июнда кызыл Аскердин катарына чакырылган. Оренбургда Чкалов атындагы Аскердик авиамектепти аяктап, 1944-жылдын 13-январынан тарта 566-штурмалоочу авиациялык полктун 277-штурмалоочу Красносельск авиациялык дивизиянын кенже лейтенант учкучу катары Ленинградды коргоого катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0