БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Улуттук киносыйлыктын негиздөөчүлөрүнүн жалпы добушу менен "Ак Илбирс" IV улуттук киносыйлыгынын алгачкы лауреаты аныкталганын "Айтыш фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.
Кыргызстандагы алгачкы анимациялык тасмаларды жараткан Сагынбек Ишенов "Улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн" номинациясы боюнча "Ак илбирс" киносыйлыгына татыды.
Ишенов "Кыргызфильм" киностудиясында түзүлгөн мультипликаторлордун чыгармачыл тобун жетектеген. 1977-жылы алар тарабынан кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу "Сандардын чатагы" аттуу 10 мүнөттүк тасма тартылган. Ишенов андан сырткары, "Олокон", "Меке чал жана кара дөө", "Эки коен", "Портрет" аттуу ийгиликтүү мультипликациялык иштерди жасаган.
"Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгын расмий тапшыруу иш-чарасы 16-май күнү "Манас" кинотеатрында өтөт.