БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүү боюнча арызы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге келип түшө электигин президенттин катчысы Жанар Акаев Twitterдеги баракчасына жазды.
Video Player is loading.
Оторбаевдин отставкага кетүү жөнүндөгү арызы президентке келе элек
0:37
© пресс-служба ЖК КР
Өкмөттүн 2014-жылы жасаган ишин Жогорку Кеңеш канааттандыраарлык деп баалагандан кийин, Жоомарт Оторбаев өз ыктыяры менен кызматтан кетип жатканын билдирди.
КР Конституциясынын 87-беренесине ылайык, өкмөт башчынын отставкага кетүү боюнча арызына президент кол коет.