БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болууга талапкер болгон Британиянын жараны Лорд Кланвильям Бишкекке келгенин өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Буга чейин премьер-министр Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлүккө жети чет элдик кишини сунуштаган. Алар:
Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, Лорд Кланвильям жума күнү маалымат жыйын өткөрүп, ЖМКнын суроолоруна жооп берет.
10-апрелде өкмөт Кумтөр кени боюнча өзүнүн сунушун алып келген. Оторбаев Кумтөр кенин иштетүүдө биргелешкен ишканадан жана аны улутташтыруудан баш тартуу керектигин, учурдагы шарттарды өзгөртүүсүз калтырып, компаниянын менеджментин алмаштыруу туура болорун билдирген.
Жогорку Кеңеш 2014-жылдын февраль айында "Кумтөргө" байланышкан маселени Кыргызстандын пайдасына ылайык келишим түзүү менен чечүүнү өкмөткө тапшырган эле.