ММБФтин мурдагы жетекчилигине 830 млн сом зыян келтиргендиги үчүн айып коюлду

Жазылуу
Кытайдын "Чжуннен" фирмасы "Баткеннефтегаз" ААКны сатып алып жатып, 2,2 миллиард сом инвестиция салууну убада кылган. Бирок аны аткарган эмес. Ошол эле учурда ММБФ кытай тарап менен келишимди үч жолу узарткан.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчилигине мамлекет үчүн пайдасыз келишимди билип туруп түзүп, натыйжада 830 миллион сом зыян алып келгендик жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандык айыбы коюлду деп Sputnik маалымат агенттигине Кыргызстандын ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

2007-жылы ММБФ мамлекетке тиешелүү "Баткеннефтегаз" ААКнын 100 пайыздык акциялар пакетин сатуу боюнча инвестициялык конкурс өткөрүүнү чечип, ал 27,7 миллион сомго бааланган. Баалуу кагаздарды сатуудан компаниянын каржы-экономикалык абалын жакшыртуу каралган эле.

Конкурсту "Чжуннен", Мунай-чалгындоо" компаниясы жеңип, ал үч жыл ичинде Баткен областынын мунай-газ кен жайларын өнүктүрүүгө 2,2 миллиард сом инвестициялоо милдетин алган.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, компания инвестициялык милдеттемелерин аткарган эмес, бирок ошол эле учурда аларды аткаруу мөөнөтү ага үч жолу узартып берилген.

"ИИМдин Бешинчи башкармалыгынын жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери ММБФ менен "Чжуннен" ЖЧКнын 2013-жылдагы кошумча келишими мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу каршы келгенин аныкташкан. Мындан тышкары, документ 2017-жылга чейин эч негизсиз узартылган", — деди Осмонбаев.

ИИМдин өкүлү ММБФтин кызмат адамдары 2007 – 2012-жылдарда 1,6 миллиард сом инвестицияланганын, алардын ичинен 600 миллион сомго гана расмий документ түзүлгөнүн кошумчалады.

"Кошумча келишимде Баткен областында мунайды кайра иштетүү заводун, төрт АЗС куруу жана минералдык жер семирткичтер боюнча завод куруу боюнча аткарууга мүмкүн эместиги алдын ала белгилүү болгон милдеттемелер жазылган. Курулуш токтоп турат", — деп баса белгиледи Осмонбаев.

Ал кошумчалагандай, ММБФтин жетекчилиги 2007-жылдагы сатуу-сатып алуу келишими менен аныкталган инвестициянын суммасын 830 миллион сомго кыскартып койгонун тергөө аныктап чыккан.

Азыр аталган факт боюнча Башкы прокуратура КРдин Кылмыш жаза кодексинин 304- "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине ылайык иш козгоду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0