Байыркы Египеттин 4,5 миң жыл мурун коюлган фараонунун күмбөзү табылды

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүБайыркы Египеттин 4,5 миң жыл мурун коюлган фараондун күмбөзү табылды
Байыркы Египеттин 4,5 миң жыл мурун коюлган фараондун күмбөзү табылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египеттин байыркы эстеликтер жана маданий мурас иштери боюнча министри Мамдух ад-Дамати аталган күмбөз Ха-Ба падышалык кылган мезгилде тиешелүү биринчи табылга экендигин билдирди.

БИШКЕК, 21-апр — Sputnik. Египеттин археологдору өлкөнүн түштүгүндөгү Нил дельтасында жайгашкан Кувейсин аймагынан Байыркы Египеттин III фараондор династиясынын өкүлү — Ха-Ба падышанын сөөгү коюлган жайды табышты деп билдирет РИА Новости Египеттин байыркы эстеликтер жана маданий мурас иштери боюнча министри Мамдух ад-Дамати берген маалыматка таянуу менен.

Башкы музей жаңылангандан кийин 100 миңден ашык экспонат коюлат
Министрдин айтымында, ачылыштын мааниси — аталган аймакта Байыркы Египетке тиешелүү падышалык күмбөз биринчи жолу табылып жатат. Буга чейин ал жердеги табылгардын баары Рим падышалыгы мезгилине тиешелүү болгон. Мындан тышкары, ал Ха-Ба падышалык кылган мезгилде тиешелүү биринчи табылга. Бул египет тарыхынын аз изилденген бөлүгү, ошондуктан окумуштуулар илим үчүн ал уникалдуу маалыматтарды берет деген үмүттө.

Бул объектте археологдор 2006-жылы иштей баштаган. 2010-жылы гана кийинки мезгилдерге таандык маданий катмарлардын астынан окумуштуулар мастабага (Байыркы Египеттин эрте дооруна мүнөздүү, кесик пирамида түрүндөгү табытка) окшогон төшөөнү табышкан. Ал эми 2014-жылы казуу иштеринин жүрүшүндө фараондун аты жазылган мөөр табылгандан кийин гана бул Ха-Ба падышанын күмбөзү экени анык болгон.

Ха-Ба — фараондордун III династиясынан акыркы өкүлдөрүнүн бири болгон. Андан кийин аталган динасиянын бир эле өкүлү падышалык кылган. Ха-Ба биздин заманга чейинки 2643 — 2637-жылдарда такта отурган. III династиянын негиздөөчүсү Жосердин мурасына баарынан биринчи табылган Байыркы Египеттин Жосерге тиешелүү тепкичтүү пирамидасы кирет. Ал биздин доорго чейинки 2650-жылы курулуп, биздин күнгө чейин сакталган толугу менен таштан турчу эң байыркы курулуш болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0