Адамзаттын жаңы доорун ачкан 108 мүнөт

Жазылуу
Советтик космонавт Юрий Гагарин "Восток" космос кемеси менен 1961-жылдын 12-апрелинде Байконурдан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыккан.

Юрий Гагарин адамзаттын тарыхында космос мейкиндигине көтөрүлгөн биринчи адам болду. Ал жердин айланасындагы ааламда 108 мүнөт учуп жүрдү. "Восток" кемеси космостон аман-эсен кайтып, Саратов облусунда конгон. 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика Күн деп жарыяланды. 

Адамзаттын туңгуч ирет космоско көтөрүлүшү дүйнөдө абдан кызыгууну жаратып, ал эми Гагаринди ааламга таанытты. Ар кыл чакыруулар менен ал дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө болду. 

Гагарин акыркы жылдары коомдук-саясий иштерди жүргүзүп, Жуковский атындагы академияны бүтүп, Борбордук партиялык комитетте иштеди.

Юрий Алексеевич Гагарин 1934-жылы 9-мартта Гжат районундагы Клушино айылында туулган. Советтик учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры. 

Гагарин 1968-жылы 27-мартта Владимир облусунун Новоселово айылына жакын аймакта авиакырсыктан курман болот. Бул учурда ал МиГ-15 УТИ үлгүсүндөгү учакта машыгуулардан өтүп жаткан. Кырсыктын себеби алигүнчө белгисиз бойдон калып келет.

© Sputnik / Александр Моклецов / Медиабанкка өтүүЮрий Алексеевич Гагарин — космоско биринчи болуп көтөрүлгөн адам. Советтик учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры.
Юрий Алексеевич Гагарин — космоско биринчи болуп көтөрүлгөн адам. Советтик учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры. - Sputnik Кыргызстан
1/12
Юрий Алексеевич Гагарин — космоско биринчи болуп көтөрүлгөн адам. Советтик учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры.
© Sputnik / Иван Денисенко / Медиабанкка өтүүЮрий Гагарин космоско көтөрүлгөн "Восток" деп аталган туңгуч космос кемеси. Ракетанын макети. СССРдин эл чарба жетишкендиктердин көргөзмөсү.
Юрий Гагарин космоско көтөрүлгөн Восток деп аталган туңгуч космос кемеси. Ракетанын макети. СССРдин эл чарба жетишкендиктердин көргөзмөсү. - Sputnik Кыргызстан
2/12
Юрий Гагарин космоско көтөрүлгөн "Восток" деп аталган туңгуч космос кемеси. Ракетанын макети. СССРдин эл чарба жетишкендиктердин көргөзмөсү.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүГагарин космоско учаар алдында. 12-апрель,1961-жыл.
Гагарин космоско учаар алдында. 12-апрель,1961-жыл. - Sputnik Кыргызстан
3/12
Гагарин космоско учаар алдында. 12-апрель,1961-жыл.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүУчууну башкаруу борборунда Юрий Гагариндин космостогу абалына байкоо салып турушат. "Жылдыздарга жасалган биринчи сапар" даректүү кино тасмасынан кадр.
Учууну башкаруу борборунда Юрий Гагариндин космостогу абалына байкоо салып турушат. Жылдыздарга жасалган биринчи сапар даректүү кино тасмасынан кадр. - Sputnik Кыргызстан
4/12
Учууну башкаруу борборунда Юрий Гагариндин космостогу абалына байкоо салып турушат. "Жылдыздарга жасалган биринчи сапар" даректүү кино тасмасынан кадр.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАкадемик Сергей Королев Байкоңур космодромунда биринчи космонавтты космоско жөнөтүү учурунда.
Академик Сергей Королев Байкоңур космодромунда биринчи космонавтты космоско жөнөтүү учурунда. - Sputnik Кыргызстан
5/12
Академик Сергей Королев Байкоңур космодромунда биринчи космонавтты космоско жөнөтүү учурунда.
© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кызыл Аянтта дүйнөдөгү биринчи учкуч-космонавтты салтанаттуу тосуп алуу учуру.1961-жылдын 14-апрели.
Москвадагы Кызыл Аянтта дүйнөдөгү биринчи учкуч-космонавтты салтанаттуу тосуп алуу учуру.1961-жылдын 14-апрели. - Sputnik Кыргызстан
6/12
Москвадагы Кызыл Аянтта дүйнөдөгү биринчи учкуч-космонавтты салтанаттуу тосуп алуу учуру.1961-жылдын 14-апрели.
© Sputnik / Свердлов / Медиабанкка өтүүГагарин Жылдыздар шаарчасында. Космонавттарды даярдоо боюнча борбордун техникалык лабораториясы.
Гагарин Жылдыздар шаарчасында. Космонавттарды даярдоо боюнча борбордун техникалык лабораториясы. - Sputnik Кыргызстан
7/12
Гагарин Жылдыздар шаарчасында. Космонавттарды даярдоо боюнча борбордун техникалык лабораториясы.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЮрий Гагарин (солдо) космонавт Павел Беляевге (оңдо) "Восток-2" кемеси менен космоско учаар алдында кеңеш берип жаткан учуру.
Юрий Гагарин (солдо) космонавт Павел  Беляевге (оңдо) Восток-2  кемеси менен космоско учаар алдында кеңеш берип жаткан учуру. - Sputnik Кыргызстан
8/12
Юрий Гагарин (солдо) космонавт Павел Беляевге (оңдо) "Восток-2" кемеси менен космоско учаар алдында кеңеш берип жаткан учуру.
© Sputnik / Александр Моклецов / Медиабанкка өтүүКосмонавттар Юрий Гагарин жана Валерий Быковский машыгуу учурунда.
Космонавттар Юрий Гагарин жана Валерий Быковский машыгуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
9/12
Космонавттар Юрий Гагарин жана Валерий Быковский машыгуу учурунда.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСССРдин учкуч-космонавттары Валентина Терешкова жана Юрий Гагарин. Космоско учкан биринчи аял космонавт жана биринчи эркек космонавт.
СССРдин учкуч-космонавттары Валентина Терешкова жана Юрий Гагарин. Космоско учкан биринчи аял космонавт жана биринчи эркек космонавт. - Sputnik Кыргызстан
10/12
СССРдин учкуч-космонавттары Валентина Терешкова жана Юрий Гагарин. Космоско учкан биринчи аял космонавт жана биринчи эркек космонавт.
© Sputnik / А. Шатэн / Медиабанкка өтүү"Адамзаттын космоско биринчи ирет учканынын урматына"
Адамзаттын космоско биринчи ирет учканынын урматына - Sputnik Кыргызстан
11/12
"Адамзаттын космоско биринчи ирет учканынын урматына"
© Sputnik / Александр Моклецов / Медиабанкка өтүүЮрий Алексеевич Гагарин иш кабинетинде.
Юрий Алексеевич Гагарин иш кабинетинде. - Sputnik Кыргызстан
12/12
Юрий Алексеевич Гагарин иш кабинетинде.
Жаңылыктар түрмөгү
0