Баткенде гранатометтун жети огун табышты

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүБаткенде гранатометтун жети огун табышты. Архив
Баткенде гранатометтун жети огун табышты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжайдагы чек ара отрядынын аскерлери гранатометтун 30-калибрлүү "ВОГ-17" үлгүсүндөгү жети огун таап алды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Гранатометтун снаряддарын Кадамжай районунун Достук айылындагы Айдаркен чек ара отрядынын аскерлери таап алынгандыгын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган ок-дарылар туурасында чек арачыларга Баткендин Достук айылынын жашоочулары айтып беришкен. 

"Жергиликтүү эл көрсөткөн жерден аскерлер АГС-17 гранатометунун 30-калибрлүү "ВОГ-17" үлгүсүндөгү жети снарядын тапкан", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Маалымат кызматы табылган снаряддардын укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилгендигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0