БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Февраль айынын аягында табылган эшектин эттерин учурда жок кылуу боюнча чараларды атайын түзүлгөн жумушчу топ карап жатканын Ветеринария департаментинин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаев билдирди.
Базарбаевдин айтымында, эшек этине байланышкан чууну териштирүү жана чараларды көрүү боюнча түзүлгөн атайын комиссия союлган 605 эшектин башын таап, алардын эттери сакталып турган жерлерди аныктаган.
"Текшерүү учурунда Илимдер улуттук академиясына караштуу Биоинститутунун муздаткычынан 335 эшектин, Фрунзе заводунун муздаткычынан 270 бүкүлү эти табылды", — дейт ал.
Базарбаев ошондой эле, учурда табылган 605 эшектин этин жок кылуу каралып жатканын кошумчалады.
Эшек сойгон "Кайтал" ЖКЧсы эттерди Гонконгдогу зоопарктарга жибериле турганын ишендирип келет.