00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Рамазан — ыкластуулуктун айы. Орозого кантип туура даярдык көрүү керек?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Манас" аэропортунда чымчыктарды үркүтүп иштеген атайын бөлүм бар

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) жыл сайын дүйнө боюнча беш миңге жакын учак-тик учактардын канаттуулар менен кагылышуусун каттайт. Кырсыкты болтурбоо үчүн, ар бир аба майданында учактарга канаттуулар тоскоол болбошуна көз салып туруучу орнитологдордун тобу иштейт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Аэропорттордо учуулардын коопсуздугуна техникалык кызматтар гана эмес, орнитологдор да жооп берет. Алар учактар учуп-конуучу аянт аркылуу же ага жакын учуп өтүүчү канаттуулардын темир "туугандарына" тоскоол кылбашына көз салып турат.

Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортунда да үч адамдан турган штаттык орнитологиялык кызмат бар. Алардын башкы максаты аэропорттун же аэродромдун аймагында канаттуулар учуп өтүп же конушуна жол бербей, үркүтүп туруу. Аэропорттун бүтүндөй аймагына жана ага жакын жайгашкан жерлерге канаттуулар учуп келбегидей шарт түзүү да алардын кадимки эле иши. 

© Фото / пресс-служба ОАО "Международный аэропорт Манас"Орнитологическая служба ОАО "Манас"
Орнитологическая служба ОАО Манас - Sputnik Кыргызстан
Орнитологическая служба ОАО "Манас"

Эмне үчүн канаттуулар учактар үчүн зыяндуу? Бул суроого эл аралык статистикадан жооп табууга болот. Жыл сайын дүйнө боюнча беш миңге жакын учак-тик учактардын канаттуулар менен кагылышуусу катталат. Канаттуулар көпчүлүгү учактардын турбиналарына, канаттарына же тумшук жагына кирип кетип, алардын иштен чыгышына себеп болушат. 

Аэропорттун атайын кызматы куштар үчүн жагымсыз шарттарды атайылап түзүшөт, башкача айтканда, алардын келип үйүр алышына түрткү берчү факторду четтетип жана албетте, аларды чоочутуп учура турган аракеттерди уюштурушат. 

Адистердин иши жаз мезгилинде канаттулар учуп келе баштаганда кызыйт. Алар бадалдарды кыйып, таштандыларды тазалашат. Ошондуктан ал жерлерде канаттуулар уя салып, өзүнө азык таба албай, башка жактарга учууга аргасыз болот.

"Эгер аэродромдун бир жеринде канаттуулар топтошкон аныкталса, аларды техникалык каражаттардын жардамы менен чочутуп учурабыз. Биздин аэропортто чымчык-куштарды учуруп турууга атайын адистешилген каражаттар каралган. Пландуу түрдө аймакты үзгүлтүксүз карап, уяларды жок кылып, дарак-бадалдарды кыйып, чөптөрдү жулуп туруу каралган. Мунун баары аба мейкиндигинин чегинде канаттуулардын болушуна шарттарды жок кылуу үчүн жасалат", — деп айтып беришти орнитологдор.

Бирок, аэропорттун штаттык орнитологдору канаттууларды сүйбөйт деген жаңылыш ой. 

"Биз канаттуулардын коркунучсуз жашоосуна жана аба унааларынын коопсуз учушуна шарт түзүү аракетиндебиз. Аэропортко жакын айылдардын тургундары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да бул маселерди чечүүдө четте калбашы керек. Ал жерлерде санитардык-экологиялык абалды сактоодо жергиликтүү эл жардам берип, өз убагында таштандыларды тазалап, дарактарды кыйып турушса жакшы болор эле", — дешет орнитологдор.

Бул адистердин иши таңкы саат жетиде башталат. Дал эртең менен саат 8ден 12ге чейин канаттуулар азык таап, анан дем алыш үчүн ары-бери уча башташат. 

Эң алгач аэродромду кыдырып, учуп-конуу тилкелеринде канаттуулардын топтолбошуна көз салуу керек. Аталган жерлерге үзгүлтүксүз көзөмөл салынат, анткени аэропроттун аянты өтө чоң.

Жакында "Манас" аэропорту жаңыланган экологиялык-орнитологиялык паспорт алат. Бул документте аэродромдо жана ага жакын аймактарда жашаган канаттуулардын картасы берилет. Ал учактарды жагымдуу, бирок авиация үчүн өтө кооптуу табияттын өкүлдөрүнөн натыйжалуу коргоого жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0