Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отурумда Шериктештиктин гуманитардык, маданий тармактарда, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ал эми отурумда каралуучу эң маанилүү документ ЕКККнын акыркы актысына кол коюлгандыгынын 40 жылдыгына карата КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери жасай турган билдирүүнүн долбоору болот.

БИШКЕК, 1-апр — Sputnik. Бишкекте 3-апрель күнү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму өтөт. Бул тууралуу КМШнын аткаруу комитетинин сайтында кабарланган.

Отурумдун күн тартибинин долбооруна Шериктештиктин гуманитардык, маданий, коопсуздукту камсыз кылуу тармактарында кызматташтыгын өнүктүрүүгө тиешелүү 15тен ашык суроо киргизилген.

ТИМКнын кароосуна алынып чыга турган эң маанилүү саясий документ — Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешменин (ЕККК) акыркы актыга кол коюлгандыгынын 40 жылдыгына карата КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жасай турган билдирүүнүн долбоору. 

Документте Шериктештик өлкөлөрү Хельсинки декалогунун принциптерин сактай тургандыгы ырасталат. Аны ЕКККнын акыркы актысына кол коюучу мамлекеттер ортосундагы мамилелерде жетекчиликке алуу жөнүндө макулдашып, ошондой эле Ванкуверден Владивостокко чейинки мейкиндикте бардык бөлүп-жаруучу чектерди жоюп, бирдей коопсуздукту жана тең укуктуу кызматташтыкты калыптандыруу боюнча саясий милдеттемелерди өзүлөрүнө алган. 

Мындан сырткары, КМШ менен ЕККУнун ортосунда өз ара пайда алып келүүчү кызматташтыкты өнүктүрүү до колдоого алынат.

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомство башчылары Шериктештиктин алкагында 2014-жылга карата ТИМдер аралык көп баскычтуу кеңешмелер планынын аткарылышын жана 2015-жыл үчүн планды да карап чыгат.

Гуманитардык тамактагы өз ара кызматташуулар боюнча бир катар документтерди кароо пландалган. Атап айтканда, күн тартибине КМШга мүчө мамлекеттердин 2016–2020-жылдар үчүн маданият тармагындагы негизги кызматташтык иш-чаралары жөнүндө чечимдин долбоору киргизилген.

Гуманитардык чөйрөдө жалпы билим берүү мекемелеринде педагогдордун кесипкөйлүгүн жогорулатуу жаатында кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документти кароо, ошондой эле бир катар мекемелерге КМШ өлкөлөрүнүн негиз түзүүчү уюму деген статус берүү жөнүндө чечим кабыл алуу болжонгон.

Тышкы иштер министрлери сырткы чек араларда коопсуздукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, Шериктеш мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө спорттун аскердик-күнүмдүк керектелүүчү түрлөрүн өрчүтүү, ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык абалды көзөмөлдөп, баалоо тармагындагы өз ара аракеттерди жөндөштүрүү боюнча документтерди талкуулайт. Андан сырткары бир катар кадрлык жана уюштуруучулук маселелер да каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0