Кыргызстандын жаш футболчулары Японияга 0:7 эсебинде утулду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутбол. Архив
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Sport for tomorrow" эл аралык турнирде үчүнчү орун үчүн болгон беттеште футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы Япониянын командасына 0:7 эсебинде утулду.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. III орун үчүн болгон беттеште Япониянын жаштар курама командасы Кыргызстандын командасын утуп алганын КРlдин Футбол боюнча  федерациясы билдирди.

Финал женского чемпионата по мини-футболу. - Sputnik Кыргызстан
Мини-футбол боюнча кыздардын финалдык беттеши
15 жашка чейинки оюнчулар 23-мартта Осака (Япония) шаарына эл аралык турнирге катышуу үчүн учуп кетишкен. Кыргызстандын командасы 7 упай алуу менен өз тайпасынан экинчи орунду алган. Турнирге жалпысынан 10 команда катышып, алар эки топко бөлүнүшкөн.

III орун үчүн болгон оюнда Кыргызстандын курамасы Япониянын командасына 0:7 эсебинде утулуп, IV болду.

Турнирдин финалдык оюнунда Иран менен Тажикстандын курама командалары ойноду. Негизги тайм 0:0 эсебинде аяктап, жеңүүчү пенальти тебүү менен аяктады. Пенальтинин жыйынтыгы менен 6:5 эсебинде Ирандын командасы биринчи болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0