БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруунун төрт түрү бар. Бул тармак боюнча адис Энвер Хавазов аталган система Кыргызстанда кандай иштеп жатканын жана республика ЕАЭБге кошулгандан кийин эмне өзгөрө тургандыгын айтып берди.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда канча камсыздандыруу компаниясы бар жана алар кандай кызматтарды көрсөтөт?
— Кыргызстанда 17 камсыздандыруу компаниясынын лицензиясы бар, бирок алтоо гана анык иш алып барууда. Бул алардын иш чектелүү чөйрөдө иштей тургандыгына байланыштуу. Мисалы, ЭЭАда уюмдар ошол аймактардагы камсыздандыруу менен гана алектенет. Банктар менен холдингдерге тиешелүү компаниялар бар. Алар банктардан карыз алуучулардын күрөөгө коюп жаткан мүлкүн же жеке бизнесин камсыздандыруу иштерин аткарат. Бардык компаниялар коммерциялык уюмдар болуп эсептелет, өлкөдө мамлекеттик камсыздандыруу компаниялар жок.
— Мамлекеттик камсыздандыруу компаниялар керекпи?
— Менимче, кереги жок. Анткени рынок атаандаштык мүнөздө болушу керек. Мындан тышкары, мамлекеттик түзүм деп эсептелген "Кайра камсыздандыруучу кыргыз компаниясы" пайда болгондогу кайгылуу тажрыйба башыбыздан өткөн. Ал камсыздандырылган адамдарга айрым коопчулуктарды КРдин аймагында кайра камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берүү үүчн түзүлгөн болчу. Бирок ал компания өлкөнүн жетекчилигине жакын тараптарга тиешелүү болушу жакшы ой менен башталган ишти жокко чыгарган. Айрым ири долбоорлор ыктыярдуу-мажбурлоо жолу менен "бөлүшүүгө" аргасыз болушкан. Бирок беш жыл мурунку ыңкылаптын натыйжасында аталган мамлекеттик түзүм жоюлуп кеткен.
— Азыр камсыздандыруу компаниялары юридикалык жана жеке тараптарга эмнелерди сунуштай алат?
— Азыр биз чет элдик кесиптештерибиз сунуштай тургандын баарын сунуштай алабыз: өмүрүн жана ден соолугун кырсыктардан камсыздандыруу, мүлкүн, унаа каражатын, жүктөрдү камсыздандыруу, курулуш-монтаждык кооптуулуктардан, авиациялык кооптуулуктардан, жарандык-укуктук жоопкерчилик коопттулугунан камсыздоо, медициналык камсыздоо ж.б. Жакындан бери биз элдик толкундоолор жана массалык башаламандык болгон учурда белгилүү бир акы алуу менен камсыздык төлөмдөрдү жүргүзүүнү сунуштоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок биздин республикадагы кырдаалды билген чет элдик өнөктөштөрүбүз муну дайыма эле колдой бербейт. Эч ким өзүнө чоң жоопкерчилик алгысы келбейт да.
— Эмне үчүн компаниялар көп жылдан бери иштеп, кенен багыттагы кызматтарды көрсөтүп жатканына карабай, бизде жеке адамдарды милдетүү камсыздандыруу эмдигиче популярдуу эмес? Мисалы, АКШда бул жарандын жашоосунун милдеттүү шарты болуп эсептелет.
— КРде жеке адамдарга тиешелүү болгон милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү жок. Юридикалык тараптар үчүн болсо бар, бирок алар иштебейт. Калк арасында камсыздандыруунун популярдуу эместигине бир нече себеп бар.
Биринчиден, жергиликтүү камсыздандыруучулар менеджердик камсыздандыруу компаниялары болуп эсептелет, ал эми агенттик уюмдар начар өнүккөн. Бул компаниялардын биринчи түрүнө көп сандагы кызматкерлерди кармоонун зарылчылыгы жоктугуна байланышкан, анткени биз көпчүлүгү ири бирдиктерди — завод, өндүрүш, чоң ишкердик, эл аралык уюмдар менен өкүлчүлүктөрдү камсыздандыруу менен алектенебиз. Чоң кардарлар, чоң юридикалык тараптар, чоң көрсөткүчтөрдү берет. Экинчи жагынан, мындай иш-аракет корпоративдик рыноктун бүтүндөй камсыздалышына алып келди. Биз азыр жөн гана кардарларды бири-бирибизден азгырып кетүү менен алектенип, ал эми жарандык секторго эч көңүл бурган жерибиз жок.
Экинчи себеби көрсөтүлчү кызматтардын өзгөчөлүгүнө байланышкан. Адамга товар эмес, камсыздандыруу кызматын сунуштоо өтө кыйын, себеби ал көпчүлүк үчүн түшүнүксүз. Камсыздандыруу полиси же камсыздандыруу келишими бир гана жылга жарактуу болуп эсептелет. Камсыздандыруучу жагдай пайда болгондо камсыздандыруучу келтирилген зыянды төлөп бериши керек. Бирок аталган мөөнөт ичинде эч нерсе болбошу да мүмкүн. Мындай учурда камсыздандыруу полиси үчүн төлөнгөн акча кайтарылбайт.
Агенттик камсыздандыруу компаниялардын иш-аракетери көп сандагы агенттердин эсебинен жүргөндүктөн, өлкөдө жеке адамдарды милдеттүү камсыздандыруу киргизилмейинче, мындай компаниялардын кылар жумушу жок. Бирок биз бул багытта иштеп жатабыз.
Юридикалык тараптардын арасында милдеттүү камсыздандыруу популярдуу эместигинин бир гана себеби бар: милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам болгону менен, аны аткарбагандык үчүн эч кандай чара каралган эмес. Бул мыйзамдар 2010-жылы кабыл алынганда КРдин Административдик кодексине тийиштүү толуктоолор киргизилбей калган. Алар эмдигиче кабыл алына элек.
— Мына жакында республика ЕАЭБге кошулат. Бул факт камсыздандыруунун өнүгүшүнө кандайдыр бир таасир этеби?
— Мамлекет бул маселенин үстүндө олутту иштеши керек болот. Россияда, Казакстанда жана Белоруссияда милдеттүү камсыздандыруу эбактан эле бар, ошон үчүн биз да жалпы системага ылайыкташыбыз зарыл. Мурдагы совет республикаларынан КРде гана АЖЖМК (автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу) жок. Бизде жол кырсыктарынын саны өсүүдө, жана ага туш болгон адам айыпкерден келтирилген зыяндын төлөмүн ала албаган учурлар көп кездешет. Бул жагынан соттор эч жардам бербейт, себеби бир нече миң доллар зыян келтирилсе, алар айына 200 сом гана төлөөгө милдеттендире алат. АЖЖМК болсо, камсыздандыруу компаниясы аркылуу зыяндын ордун төлөп берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Мунун соттордун, укук коргоо органдарынын жардамы жок эле жана эч кыйынчылыксыз жасоого болот. Эгер бизде милдеттүү камсыздандыруу киргизилсе, бул бүтүндөй камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүдө алга карай кадам болот. Ал эми камсыздандыруу компанияларынын сапаты менен саны өсүп, жана резервдери көбөйсө, өлкөнүн экономикасына оң таасир кылат. Жалпысынан өнүккөн мамлекеттерде камсыздандыруу уюмдары ар түрдүү долбоорлордо ири инвесторлук кылуу менен экономиканын олуттуу катышуучулары болуп эсептелет.