Доллардын өсүшүнүн схемасы ачылды

Жазылуу
Банктар акча алмаштырууда бир кишинин колуна 500 доллар гана берилет деп чек коюшу тополоңду жаратат деп эсептейт "Альянс" ассоциациясынын жетекчиси Бактыбек Чойбеков. Ошол эле учурда банктар акча алмаштуру жайлары менен иштегенден баш тартып, алардын ишин да чектеп жатышат дейт ал.

БИШКЕК, 27-мар — Sputnik. "Альянс" акча алмаштыруу жайлар ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков доллардын баасынын көтөрүлүшүндө эч жашыруун сыр жок жана валюталык рыноктун тегерегинде жүрүп жаткан тополоңду акча алмаштыруучу жайлар жаратпай эле деп эсептейт.

Шаршембиде Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш доллардын курсунун тегерегинде акча алмаштыруучу жайлар жаратып жаткан тополоңго берилбөөгө чакырган эле.

"Мен баарын тынчсызданбоого чакырмакмын. Улуттук банк валюталык рынокту көзөмөлдөп турат жана зарылчылыгына жараша рынокко кошумча интервенциялар менен чыгууга даяр. Биз кырдаалга көз салып жана көзөмөлдөп турабыз", — деген финансист.

КРдин УБнын төрагасынын орун басары билдиргендей, банк секторунда 310 миллион доллар бар болсо, алардын 77 миллиону накталай акча.

"Биз коммерциялык банктардын жеткекчилери менен жолугуп, учурдагы валюталык абалды жана маселени чечүү жолдорун талкууладык", — деп баса белгилеген Жеңиш.

Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов да доллардын курсунун өсүшү акча алмаштыруучу жайларды жүргүзгөн оюндан болуп жатат деп эсептейт.

"Россияда доллар түшүп жана россиялык рубль бекемдеп жатканын пайдаланып, алар пайда таап калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргылары келбей, бири-бири менен өз ара макулдашып алып жатат. Менимче, Улуттук банк да муну түшүнүп, ошон үчүн аны изилдеп чара көрө тургандыгын билдирди. Башкача айтканда, бул акча алмаштыруучулар өзүлөрү ойноп жатат", — деп белгиледи Идинов.

Эксперт Улуттук банк демилгелеп жаткан акча алмаштыруу жайларын жабуу чечими бир беткей мааниде болбойт деген пикирин айтты. 

"Мунун эки жагы бар. Акча алмаштыруучу жайлар жабылса, биз капиталдын рыноктогу эркин кыймылына тоскоол кылабыз, ошондой эле бул акча алмаштыруу боюнча калкка көрсөтүлүүчү кызматты олуттуу кыскартат. Мындай чечим Улуттук банктын жетекчилигине пайдалуу болгону менен, калк үчүн ыңгайсыз", — деп белгиледи профессор.

Экономика илимдеринин доктору маселени чечүүнүн эки тарапты тең канааттандыруучу эки жолу бар деп эсептейт.

"Биринчиси — күн сайын валютаны сатуунун жогорку баасын белгилеп, андан көтөрүп жибергендерге карата катуу чараларды көрүү. Тилекке каршы, юридикалык жактан алганда, бул анча туура болбойт, бирок натыйжа бере турган таасирдүү чечим деп ойлойм. Экинчи жагынан, каржылык текшерүүчү органдардын – каржы полициясы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин иштерин күчтөндүрүү зарыл. Кантип өз ара сүйлөшүп алып жаткандарын ынктап, КРдин монополияга каршы мыйзамын бузгандык үчүн аларга чара көрүү керек. Бул катуу боло турган иш-аракеттер, бирок маселени чечүүнүн башка жолу жок деп ойлойм. Себеби улуттук банк тез-тез эле интервенция жүргүзө берсе, өлкөнүн резервин жоготуп коюшу мүмкүн. Бул болсо кырдаалды дагы курчутуп жибере тургандыгы анык", — деп кошумчалады Идинов.

Өз кезегинде Чойбеков акча алмаштыруучу жайларга негизсиз айып коюлуп жаткандыгын билдирди. 

"Бизди жөндөн-жөн эле алып сатар, деги эле эл душманы атап, кайдагы бир оюндар үчүн курулай күнөөлөп жатышат. Бирок эч ким конкреттүү факттарды келтирген жери жок. Эгер мага андай факттарды атап беришсе, андай акча алмаштыруучуларды жабууга мен өзүм жардам бермекмин. Кыргызстанда расмий катталган 300дөн ашык акча алмаштыруучу жай бар. Алардын баары сүйлөшүп ала койгондугун мен элестете албайм, бул деги эле мүмкүн эмес. 20 коммерциялык банк сүйлөшүп алганы оңойбу же 300 бюробу?" — деген суроону берди "Альянс" ассоциациясынын башчысы.

Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайлар коммерциялык банктар менен калктын ортосунда жөн гана ортомчулук милдетин аткарып жатышат. Акча алмаштыруучу жайда накталай акча аз болсо, албетте, курс көтөрүлөт, себеби валютаны сатып, алар аны кайра дагы сатып алышы керек, кошумча накталай акча болсо жок. Курстун көтөрүлүшүнүн болгон схемасы ушул дейт Чойбеков.

"Бүгүн банктар акча алмаштырып жатканда ар бир кишинин колуна 500 доллар гана берүү чегин койду. Жана алар акча алмаштуруучу жайла менен иштешкенден баш тартып, алардын ишин да чектеп жатат. Ошону менен банктар жок жерден тополоң жаратып, элдер аргасыз көчөлөрдөгү акча алмаштыруучу жайларга барууда", — деп түшүндүрдү "Альянс" ассоциациясынын башчысы.

27-мартта эртең менен Бишкек убактысы боюнча саат 09.12де америкалык валютанын сомго карата расмий курсу 63,4 сомду, ал эми долларды сатып алуу баасы 63,8941 сомду түздү. 

Шаардын борборундагы MCS акча алмаштыруу жайында долларды сатып алуу курсу 63,9 сом, ал эми сомго алмаштырганда 64,2 сом болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0