БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине кеткен жолго 900 дарак отургузулду деп билдирди КСДПнын маалымат кызматы.
Дарактарды аталган фракциянын депутаттары, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери отургузду. Аллеяга тигилген дарактардын 450ү Тянь-Шань карагайы, калганы кайыңдар.
Маалымат кызматынан дарактар апрель ыңкылабынын беш жылдыгына карата отургузулгандыгын билдиришти. Окуя учурунда 77 киши курман болуп, алардын бир тобу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.