БИШКЕК, 23- мар. — Sputnik. "Слово Кыргызстана" жалпы улуттук гезити 23-мартта 90 жылдыгын белгилеп жатат. Азыркы аталышын басылма 1991-жылдын февралында алган. Азыр гезит жумасына эки жолу 6 миңдик нуска менен чыгат. Жума күнкү "Апта аягында" тиркемеси 20 миң нускада басылат.
Sputnik редакциясы гезиттин кызматкерлеринин басылмадагы ишке байланышкан эскерүүлөрүн сунуштайт.
Дмитрий Ащеулов, баяндамачы:
— Гезитте иштегениме он жылдан ашты. Ал менин экинчи үйүм болуп калган. Көп нерсе эсте калат, себеби журналисттик кесип күн сайын кызыктуу адамдар менен жолугушууга мүмкүндүк берет. Айрыкча улуу муундагылар менен кездешүү чоң таасир калтырат, алар көп нерселерди билет эмеспи. БГУда сабак берген профессор Шерстюктун аңгемеси баарынан эсимде калыптыр. Ал Улуу Ата мекендик согуштун катардагы жоокеринин эскермелеринен турган китеби жөнүндө кеп кылды. Ал генералдын же офицердин эмес, карапайым адамдын эскерүүлөрү болчу. Профессор ошол каардуу мезгилдин биринчи күндөрү тууралуу айтып берген. Анда майданга туш болгон жөнөкөй адамдар согушканды, кыйынчылыктарды жана душман алдында коркуу сезимдерин жеңгенди үйрөнүшкөн. Адам согушка туш болгондо адамдык жана моралдык баалуулуктардын баарын унутуп коюп, жеңишти гана көздөп калышы мен таң калтырды.
Александр Шепеленко, маалымат бөлүмүнүн башчысы:
— 1-сентябрда менин бул гезитте иштегениме 40 жыл болот. Мен ММУнун бүтүрүүчүсүмүн, үч курсташым менен кошо мени ушул жакка жиберишкен. Төртөөбүздүн ичинен мен гана Фрунзеге жеткем. Мен башкы редактордун орун басары Николай Погожин кабыл алган. Аны "Дядя" же "Розовый слон" деп каймана аташчу. Мен ал атаган бир мейманканага барсам, орун жок экен. Аргасыз автобекетке түнөгөнү бардым. Ал жерде милиционер менин москвалык экенимди, түнөргө жерим жоктугун билип, бир даректи берди. Мен ошол дарек боюнча барсам, үч өзбек жайгашан бир бөлмөдө төртүнчү кылып киргизишти. Бир сом төлөп түнөдүм. Эртең менен чыгып бара жатканда гана ал эне менен баланын бөлмөсү экендигин түшүндүм.
70-жылдары мени менен бир сүрөтчүнү Таласка жылкы чарбасына жиберишти. Ал жакта ГДРдин тобу тасма тартып жаткан экен. Алар жергиликтүү бир аксакал жылкыга укурукту кантип салышты көрсөтсүн деп жатыптыр. Ал үчүн бир үйүр жылкыны чаптыра айдаш керек. Биз ошону байкап турсак, баягы үйүр жылкы бизди карай каптап келе жатат. Сүрөтчү экөөбүз чөгөлөп отура калып, бул дүйнө менен коштошо баштадык. Жылкы акылдуу жан эмеспи, бизди айланып чуркап өтүп кетишти. Бирок, баягы тасмачыларга болсо дагы бир дубль керек болуп, аттар кайра артка чуркашты. Биз четке качканга үлгүрбөй калып, бир үйүр жылкынын арасында калганбыз. Мындай унутулбайт.
Тамара Слащева, шеф-редактор:
— Мен "Комсомолец Киргизии" гезитинде иштечүмүн. "Слово" өзүнө жаш кадрларды биздин редакциядан карап жатыптыр. 80-жылдардын ортосунда өзүлөрүнө чакырышты, бирок, мен Надежда Рябова, Александр Шепеленко, Евгений Мануйлов, Надежда Шепеленко, Элла Таранова сыяктуу чеберлердин арасына иштегенге даап бара алган жокмун. Баары бир 1997-жылы ушул жерге келим. Азыр бул гезитсиз өзүмдү жашай албагандай сезем. Мен баарынан адамдар тууралуу жазганды жакшы көрөм. Материал жакшы болушу үчүн, ошол адамды жактырыш керек, ошондо баары шар кетет. Менин эсемде бир кыздын окуясы бекем сакталып калган. Ал 23 жашында курулушта иштеп, бирок бир да документи жок болчу. Совет мезгили үчүн бул акылга сыйбаган көрүнүш. Ал кыз дагы окучу, бирок интернатта жашап, эч бир документ албаптыр. Аны алты жашында энеси чиркөөгө таштап кеткен экен. Мен жарым жыл көрүнгөн эшикти каккылап жүрүп, ошол кыздын документтерин тууралап бергем. Ал мени апа дечү. Тилекке каршы, катышпай калдык. Себеби ал Россияга кетип калган.
Кифаят Аскерова, баяндамачы:
— Гезиттин аркасында мен укмуштуу өлкө — Кыргызстан менен тааныштым. Өзүм Казакстанган келгем, мага дароо эле өндүрүш ишканалары менен таанышуу үчүн Ысык-Көлдү тегерете иш сапарына жиберишти. Сентябрдын башы болчу. Мен узун юбка, калың такалуу туфли жана свитер кийип алгам. Бирок жергиликтүү аким бизге КР менен Кытайды туташтырууга боло турган азыркыдан кыска жолдун варианты менен тааныштырайын деген экен.
Караколго келгенден кийин биз ошол ичке жол менен КЭРдин чек арасына эски "УАЗ" автоунаасы менен жөнөп калдык. Унаа бизди ушунчалык силккени азыр да эсимде. Анан калса, суу да, жарык да жок жайлоодо түнөп, эртеси андан ары кеттик. Мен бир эле мезгилде кышты да, жайды да, жазды да көрүп келгем ошондо. Биз жолубуздун аягына чыкканда укмуштуудай ажайып көрүнүшкө туш болдук: күлгүн кызыл түстөгү ак чокулуу тоолор жана учу-кыйыры жок көк асман. Дал ушундай учурлар үчүн иштөөгө болот!