00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан ЕАЭБ үчүн эт өндүрүүнү көбөйтөт

Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жылына 30 — 50 миң тонна эт экспорттой алат. Андан тышкары, республика жашыл-жемиш, бакча өсүмдүктөрүн жана кургатылган жер-жемиштерди экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү ниетинде.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Кыргызстан айыл чарба жагынан өзүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн, айрыкча жашылча-жемиштерди жана этти сыртка алып чыгууну көбөйтүү ниетинде деп билдирди Sputnik кабарчысына айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев.

Анын айтымында, өлкө 2014-жылы ЕАЭБ мамлекеттерине 30 миң тоннадан ашык өсүмдүк түрүндөгү айыл чарба өндүрүмүн саткан.

"Биз экспорттун көлөмүн биринчи кезекте эт-сүт азыктарынын эсебинен көбөйтөлү деп жатабыз. Бул биз май айында ЕАЭБга толук киргенден кийин болот. Бүгүнкү күндө биз жылына 30 — 50 миң тонна продукция сунуштай алабыз. Керек болсо, эттин көлөмүн жогорулатууга алыбыз жетет. Ошондой эле КР жашылчаны сатууну да көбөйткөнү турат. Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына сатууга боло турган өндүрүмдөрдүн тизмеси азыр кеңейүүдө", — деди Айдаралиев.

Министр республиканын айыл чарба продукциялары атаандаштыкка жакшы туруштук бере алат деген пикирде. Биринчи кезекте ал өзүнүн экологиялык тазалыгы жана баасынын салыштырмалуу арзандыгы менен бааланат.

"Казакстан, Россия, Беларуссия өлкөлөрүндө аба ырайынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу өзүлөрүн камсыз кыла албай турган айрым жашылча-жемиштердин Кыргызстанда өсүшү бизге артыкчылык берип турат. Буга кургатылган жемиштер, жашылчалардын түрлөрү, сарымчак, пияз, дарбыз-коон, ачуу жана таттуу калемпир кирет", — деп белгиледи Айдаралиев.

Өлкөнүн дыйкандары жашылча, жер-жемиштердин аянттарын кеңейтип, экспорттоо үчүн кургатылган продукцияны даярдоону көбөйткөнү жаткандыгын билдирди.

"Биз дан өсүмдүктөрүн айдоо аянтын кыскартып, өзүбүздүн азык-түлүк коопсуздугубузду камсыз кылгыдай деңгээлде гана калтырууну пландап жатабыз. Анын ордуна жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн жери кеңейтилмекчи. Мында бадыраң, помидор, таттуу жана ачуу калемпир, кант кызылчасы сыяктуу жашылчалардан сырткары бедени айдоо да көбөйтүлөт", — деп баса белгиледи Айыл чарба министри. 

Айдаралиев жергиликтүү калк республика азык-түлүксүз калат деп кабатыр болбошу керек деп кошумчалады. Көпчүлүк өндүрүүчүлөр биринчи кезекте жергиликтүү рынокко багытталган.

"Анын үстүнө чет мамлекетке кете турган продукция башынан эле жергиликтүү рынокко арналган эмес. Бул жолдо ташып жүрүүгө чыдамдуу жашылча-жемиштер. Ага бакча өсүмдүктөрүнүн, помидор, бадыраң, пияз жана калепмпир сыяктуу жашылчалардын белгилүү бир сорттору кирет", — деп түшүндүрдү министр.

Ал кант кызылачасына байланшкан абал тынчсыздандырып жатканын айтып, аны сатуу жагында кыйынчылыктар бар экендигин моюнга алды. 

"Кыргызстан азыр өзүн кант менен 20 пайызга гана камсыз кылып, калганын сырттан алып келип жатат. Учурда өкмөт кант өндүрүү, сатуу жана кайра иштетүү маселеси менен алектене турган "Кыргызпродсах" корпорациясын түзүүнү тапшырды. Биз кант өнөр жайын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатабыз. Министрлер кабинетинин кийинки пландарында Чүй областынын чыгыш бөлүгүндө кантты кайра иштетүүчү завод ачуу турат. Баса, кант кызылчасын сатып алуу баасын биз эмес, өндүрүүчүлөр белгилейт. Биз эки тарапка тең ыңгайлуу варианттарды табуу үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", — деп белгиледи Айдаралиев.

Ошондой эле ал министрлик үрөн-уруктардын сапаты боюнча олуттуу иш алып бара тургандыгын билдирди. Азыркы учурда областтарда үрөн чарбаларында "Үрөндөр жөнүндө" мыйзамга туура келүү жагынан текшерүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча сапаттуу үрөн-урук сакталган чарбалар гана өз иштерин алып барат. 150дөн ашуун совхоз кыскартылышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0