Партиялар жөнүндө мыйзамда "сатуу же убактылуу пайдаланууга берүү" деген түшүнүк жок — Мамбеталиева

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр юстиции Жылдыз Мамбеталиева
Министр юстиции Жылдыз Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адилет министри Жылдыз Мамбеталиева Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде өлкөнүн шайлоого даярдыгы жөнүндө пикир бөлүшүп, Кыргызстандын шайлоого байланышкан мыйзам долбоорлору боюнча демилгелерге комментарий берди жана мыйзамда "партияларды сатуу же убактылуу пайдаланууга берүү" деген түшүнүк жоктугун айтты.

БИШКЕК, 5-мар — Sputnik. Жакында дайындалган адилет министри Жылдыз Мамбеталиева Sputnik кабарчысына берген маегинде 2015-жылдын күз мезгилине белгиленген парламенттик шайлоолорго байланыштуу өлкөдөгү саясий партиялар жөнүндө ой бөлүштү.

— Шайлоо алдында саясий партиялар тууралуу кеп кылсак. Акыркы үч жылда канча партия катталды жана жоюлуп кеткен партиялар болдубу?

— Бүгүнкү күндө өлкөдө 199 саясий партия катталган. Өз иш-аракеттерин токтоткон партиялардын саны 20, алардын беши сот аркылуу ишин токтотууга мажбур болгон. Эгер өсүш тездигине көз жүгүртсөк, саясий партиялар 2012-жылы баарынан көп катталып, алардын саны 24кө жеткен, ал эми 2013-жылы алты, 2014-жылы болсо жети партия катталган. Быйыл январь айында эле эки саясий бирикме катталды. 

— Зарыл болгон учурда аларды жабуунун укуктук жол-жоболору каралганбы?

— Мажбурлоо жолу менен жоюнун критерийлери юридикалык тараптар үчүн да, саясий партиялар үчүн да бир. Эгер партия юридикалык бирдик катары эки жыл бою салык боюнча отчёт тапшырбаса, аны жапса болот. Мындай учурда салык органы партияны жабуу жөнүндө сотко кайрыла алат. Бул укуктук ченем 2009-жылы гана киргизилген. Бизде кагаз жүзүндө гана бар юридикалык тараптардын саны 20 миңге жакын болчу. 

— Партияларды сатып же убактылуу пайдаланууга берүү аркылуу жүргүзүлүп жаткан "партиялык ишкерликке" кандай карайсыз?

— Шашылыш түрдө саясатка аралашуу керек болгондор, кыязы, кайсы бир жолун таап алышкан. Мыйзамдын "жылчыктары" бар. Саясий партияны башкаруу олуттуу иш экендигине карабай, мыйзамда анын жетекчисин алмаштырууга тыюу салынган эмес. Саясий партияны он адам түзсө болот. Алар чогулуп, партия түзүп, жетекчисин шайлап, жыйын өткөрө алат. Жетекчини, саясий кеңешти алмаштыруу, саясий бирикменин же саясий кеңешинин курамын алмаштыруу кайра каттоону талап кылбайт. Айрым адамдар дал ушундан пайдаланышы мүмкүн.

Мындай иш партияларды сатуучулардын уятына жараша деп ойлойм. Себеби моралдык жоопкерчилик болуш керек. Эгер сен партия түзгөн болсоң, демек Конституция боюнча шайлоо аркылуу бийликке келип, мамлекетти башкарууга түздөн-түз катышууга укугуң бар. Партия түзүү үчүн бул өтө чоң умтулуучулук. Эгер бирөө партия түзүп алып, анын максат-милдеттерин ишке ашыра албай, өз түзгөнүн башкага сатып жатса, муну анын жеке ар-намысына коюш керек.

— Мындай бир окуяга комментарий берсеңиз. "Ата-Журт" партиясынын түзүүчүсү азыр убактылуу колдонууга алынган өз партиясын кайтарып берүүнү талап кылып жатат. Бул мыйзамдуубу?

— Партиянын атын белгилүү бир адамдар көтөрүп, элге таанытып койду. Эми баштапкы түзүүчүлөргө партия керек болуп жатат. Мен бардык чоо-жайын билбейм, бирок мыйзамда "партияны сатуу же убактылуу пайдаланууга берүү" деген түшүнүк жок экендигин айткым келет. Бул алардын өз ара жең ичинен макулдашуулары болушу мүмкүн. Ошондуктан комментарий берүү кыйын: ар бир тараптын өз чындыгы бар.

— Партияларга сырттан каржылык колдоо көрсөтүүгө жана коммерциялык банктардан насыя алууга тыюу салынышына кандай карайсыз? Алдыда турган шайлоонун алкагында дагы кандайдыр бир мыйзам демилгелери болобу?

— Азыр партиялар мүчөлүк төлөмдөрдүн, ыктыярдуу акча берүүлөрдүн эсебинен каржыланып жана насыя ала алат деген ченем бар. Учурда насыяларды КРдин жарандары түзүп жаткан каржы-насыялык уюмдар гана эмес, чет элдик насыя мекемелери да берип жатат. Бизде саясий партияларды чет элдик мекемелердин каржылоосуна тыюу салынган. Ошондуктан, мыйзамда карама-каршылыктар болбошу үчүн партияларды насыялар аркылуу каржылоого тыюу салуучу укук ченемин киргизүү сунушталып жатат.

Мыйзам демилгелери тууралуу айтсак, 2013-жылы шайлоо мыйзамдарын кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бир нече долбоор демилгеленди. Ал эми биздин министрлик тарабынан мындай долбоорлорду иштеп чыгуу азырынча каралган эмес, себеби бул биздин иш милдеттерибизге кирбейт. Ал БШК менен депутаттардын иши.

— Парламентте бирдиктүү республикалык шайлоо аймагын бөлүү жөнүндө демилге каралууда. Шайлоо алдында мындай ишти жүргүзүү канчалык өзүн актай алат? Анын зарылчылыгы эмнеде?

— Мындай демилгени көтөрүү зарылчылыгы тууралуу элге анын авторлору өзүлөрү айтып бериши керек деп ойлойм. Бул долбоорго карата негиз-түшүндүрмөлөрдү мен уккан эмесмин. Юрист катары мындай демилгеге тыюу жоктугун айта алам. Өлкөдө бирдиктүү аймак да, бир нече аймак да болушу мүмкүн. Адатта иш жүзүндө айрым мыйзамдарды колдонуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө үлгүрүү керектигин болжойт. Бул кийинки шайлоодо ошол эле кемчиликтерге туш болбоо үчүн зарыл. Эгер жаңы өзгөртүүлөрдү депутаттар колдой турган болсо, шайлоону жаңы эрежелер боюнча өткөрөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0