БИШКЕК, 4-мар — Sputnik. Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы үй курууга боло турган эски турак-жайлуу жер тилкелеринин бааларын жөнгө салуу маселеси өкмөттө көптөн бери талкууланып келгендигин маалымдаган.
Ал эми "Вигенс" бирдиктүү укуктук борборунун директору Владимир Плужник Sputnik кабарчысына бул жагдайды чечмелеп берди.
— Жер аянттарынын баасына карата мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү Кыргызстандын карапайым тургуну үчүн эмнени билдирет?
— Катардагы жаран үчүн мындай ченемдин киргизилиши жер аянтынын баасына байланышкан маселени чечүүгө жардам болот. Мурда бул баа боюнча так градация болгон эмес, себеби азыр жердин эксперттик баасын белгилөөдө да талаштар пайда болот. Сандар асмандан алынат дебейм. Албетте бааны белгилөөдө кайсы бир коэффициенттер колдонулат. Бул бир жагынан.
Экинчи жагынан, тилекке каршы, мыйзам аркылуу бааларга чек кою мүмкүн эмес, себеби өлкөдө өнүктүрүү жана атаандаштык жөнүндө мыйзам бар, ага ылайык тараптар түздөн-түз, сатуу-сатып алуу келишимине жараша эркин соода-сатык кылып жана анын баасын өз алдынча макулдашып быча алат.
Башкача айтканда, Конституциядан кийин экинчи орунда туруучу Жарандык кодекскте айкын белгиленген жоболорго ылайык "келишимдин тараптары сатуу жана сатып алуу жөнүндө келишим түзүү жана анын шарттарын аныктоо эркиндигине ээ".
— Бул эмнени билдирет?
— Бул мен өз каалоом менен бааны чегерүүгө, өткөрүп берүү убактысын белгилөөгө, ошол эле жер аянтынын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө укуктуумун дегенди билдирет. Жана бул жеке адамдардын да, юридикалык тараптардын да ортосунда келишим түзүүдө күчкө ээ менин мыйзамдуу укугум болуп эсептелет.
Демек, мындай өз алдынча алынган акт Жарандык кодексти чектей албайт. Ошондуктан мындай өзгөртүүлөр киргизилсе да, жергиликтүү ченем актына эмес, КРдин Жарандык кодексине киргизилиши керек. Бирок бул документке баа боюнча өзгөртүү киргизүү юридикалык жактан мүмкүн эмес, себеби ал республикада атаандаштыкты чектөө болот. Бул бир нерсеге анык татый турган иш эмес, жөн гана алдыда турган шайлоолорго байланышкан саясий маселе. Дал ошол шайлоо алдында элге алар жөнүндө кам көрүлүп жатканын көргөзгүлөрү келет, бирок иш жүзүндө мындай аракет эч натыйжа бербейт.
— Демек, укуктук жактан бул мыйзамсыз болобу?
— Укуктук жактан мындай документ болушу мүмкүн, бирок кимдир бирөө аны мыйзамсыз деп таануу жөнүндө арыз менен кайрылмайынча гана мүмкүн.
— Бул актыны кабыл алуу Конституцияга туура болобу?
— Жок, болбойт. Ал Баш мыйзамга каршы келет.
— Демек, бааларды мамлекеттик жөндөштүрүү мыйзамсыз жана ал КРдин мыйзамдарына каршы келет дегенди билдиреби?
— Туура, себеби мамлекет тараптан баалардын жөндөштүрүлүшү монополист болуп эсептелүүчү ишканаларга гана карата киргизилиши мүмкүн. Бардык калган учурларда мамлекет соода-сатык келишимдеринде бааларды жөндөштүрүүгө акысы жок.