БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Тажикстандагы шайлоодо парламентке Элдик-демократиялык партия да өтүп, анын катарында кыргыз улутундагы Олим Сафаров да экинчи ирет депутат болуп келди. Ал буга чейинки IV чакырылышта да депутат болгон. Sputnik маалымат сайты мекендешибиз менен байланышып, анын депутаттык ишмердүүлүгү, Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар жана эки өлкөнүн алака-катнашы боюнча маектешти.
Биздин каарман 1961-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда төрөлгөн, 1985-жылы Душанбе шаарындагы Политехникалык институтту аяктап инженер-куруучу адистигин, кийин Россиядагы Мамлекеттик кызмат боюнча Академиянын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин аяктаган. 88-89-жылдары Жерге-Тал районунда партиялык-мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, курулуш тармагына өткөн. 2002-2011-жылдары мамлекеттик кызматка кайтып келип, 9 жыл Жерге-Тал райакимдин биринчи орун басары болуп эмгектенген. Мындан төрт жыл мурда партиялык тизме менен парламенттин IV чакырылышында депутат болуп келген. Сафаров эми экинчи жолу шайланып, азыр Элдик-демократиялык партиянын тизмеси менен өткөн 22 мандаттын ичинен 6-тизме менен келди.
Олим Сафаров төрт жылдык депутаттык ишмердүүлүгүндө бир нече мыйзамдардын иштелип чыгышына катышса, эки мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болгон. Биринчиси, тоолуу региондор боюнча, экинчиси, транспорт каражаттарынын экологиялык кооптуулукту камсыздоо жаатындагы мыйзам.
Ал Тажикстандын төмөнкү палатасындагы активдүү депутаттардын бири, Кыргыз-Тажик парламенттеринин достук жана кызматташтык тобунун мүчөсү. Ал депутаттык ишмердүүлүгү менен түпкү мекени, Кыргызстанга каттап турат. Биз менен болгон маегинде жаран катары, депутат катары эки өлкөнүн өз ара мамилелерине дурус деген баасын берип, акыркы учурда көбүрөөк кездешип жаткан чек ара боюнча түйүндүү маселелер жөнгө салынат деген ишенимин билдирди.
"Жакында силер (КР — ред.), май айында Евразиялык экономикалык биримдикке кирсеңер, андан кийин биз (Тажикстан – ред.) да ушул биримдикке кошулсак, чек ара көйгөйлөрү да чечилип баштайт деп ишенем. Бул маселе боюнча өкмөттүк комиссия канча жылдан бери иштеп келет. Чек ара маселесин чечүүнү бирден-бир туура жолу – дипломатиялык жана компромисске баруу жолу. Кыргыздар менен тажиктердин өз ара мамилеси жаман эмес, бир эле мисал, эки эл аралашып кеткен, Жерге-Тал районунда ынтымакта жашап келет. Кыргыз балдар тажик кыздарына үйлөнгөн, же тажик жигиттер кыргыз кыздарын алышкан. Негизи эле Жерге-Тал районунда мындай көйгөй таптакыр кезикпейт. Бир гана – Баткен менен чектешкен аймактарда чыгып кетип жатат. Келечекте бул түйүндүү маселелер чечилет. Албетте, кызыкдар болгон үчүнчү күчтөр да болушу мүмкүн. Дүйнөнү көрүп жатпайбызбы, Украина жана башка жактарды көрүп жатабыз. Андыктан, бизге тынчтык баалуу", — дейт Сафаров.
Ал депутат катары Кыргызстан менен Тажикстандын экономикалык позициялары дээрлик окшош деген пикирин билдирди.
"Эки өлкөнүн президенттеринин да мамилеси жакшы. Эсиңиздерде болсо, Кыргызстанда да, Тажикстанда да чыр-чатактар болгондо, бири-бирибизге көмөк көрсөттүк. 1992-1997-жылдагы биздеги болгон тополоңдордо жалаң гана Кыргызстандын чек арасы ачык болуп турду. Ал эми Оштогу окуяда Тажикстан чек арасын жапкан жок. Андыктан, биз кылымдардан бою бир тууган бою келгенбиз, бул ымала келечекте да уланат деген ишенимдемин. Анын үстүнө биздин экономикалык маселелерде, бул энергетика жана башка бир топ жагдайларда позициябыз бир", — деди депутат Сафаров.
Анын айтымында,Тажикстанда акыркы маалыматтар боюнча 56 миңге чукул этникалык кыргыздар жашайт, алар негизинен компактуу жайгашып, Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда отурукташкан. Кыргызстанда да ушул санга чукулдап барган этникалык тажик туугандар жашайт.
Олим Сафаров көп балалуу үй-бүлөдө тарбияланган, 83 жаштагы энеси азыр анын колунда.
"Өзүм Жерге-Тал районунда туулгам, атам көп жылдар бою совхоздо экспедитор болуп иштеген, көзү өтүп кетти. Апам азыр 83 жашта, менин колумда. 7 бир тууганбыз, мен үйдө экинчимин. Бир туугандарым да жогорку билимдүү, райондо ар кыл кесиптерде иштешет. Үй-бүлөм, беш балам бар ", — деп айтып берди ал.
Сафаров орус, тажик тилдерин мыкты билет, андан сырткары түркий тилдерди өздөштүргөн. Спорттун түрүнөн волейбол менен шахматты жакшы ойноорун, музыкага кызыгаарын кошумчалады.
Тажикстандын төмөнкү парламенти 63 депутаттан турат. Ага депуаттардын 22си партиялык тизме, калганы бир мандаттуу округдар менен шайланып келет. Бул сапаркы, тактап айтканда V чакырылышта 22 мандаттын 16сын Элдик демократиялык партия алса, биздин каарман мажилиске биринчи ондукта, тизмеде алтынчы болуп келди. Демек, Олим Сафаровдун алдында дагы беш жылдык депутаттык ишмердүүлүк турат.