Эксперт: АКШнын калпы ишке ашкан жок — РФ экономикалык мүмкүнчүлүгүн бекемдөөдө

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүРазработка Ковыктинского газового месторождения в Иркутской области. Архивное фото
Разработка Ковыктинского газового месторождения в Иркутской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия экономиканын кыйрашы жөнүндө алдын ала айтууларга карабай, ал түрдүү өлкөлөр менен кызматташтыктын келечегин рационалдуу баалоого негизделген энергетикалык саясатын улантууда дейт индиялык дипломат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Батыштын болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү калпы натыйжа берген жок — Вашингтон күткөндөй россиялык экономика АКШнын киргизген санкцияларынын айынан "эркин" кулап, кыйрандыга айланган жок, ал эми Россия Европада өзүнүн энергетикалык ордун улам бекемдөөдө деп эсептейт мурдагы дипломат жана саясий талдоочу Мелкулангара Бхадракумар.

Саясат таануучунун пикиринде, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн башкы маселеси энергетика тармагында Европа менен кызматташуу болуп эсептелет. Европа биримдиги газ сатуучуларды диверсификациялап европалык энергия ресурстарынан көз карандылыктын жогору деңгээлин (30%) төмөндөтүүгө аракет кылып жатат, бирок ошол эле учурда Россиянын европалык рынокто өзүнүн үлүшүн узак мөөнөткө кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. 

"Москва менен Брюсселдин ортосундагы стратегиялык энергетикалык өнөктөштүктү жылуулук илеби тараган болсо, иш жүзүндө алардын ортосундагы коммерциялык байланыштар бекем бойдон калууда. Россия күчтүү бир керектөөчүгө, мисалы, Кытайга, экспорттоодон көз каранды болгусу келбейт, ошондуктан тең салмактуу саясатты жүргүзүү үчүн Европада ар түрдүү варинаттарды пайдаланат. Анан калса, Пекин келечекте россиялык газ үчүн башкы рынок болушу мүмкүн экендигине карабай, европалык сатуулардын көлөмү, кыязы, "Газпром" үчүн ири киреше булагы бойдон калат. Андыктан Россия менен Европанын ортосундагы мамилелер кандай гана оор болбосун, рационалдуу соодадан эки тарапка тең түшө турган пайда алардын энергетикалык туруктуу саясат жүргүзүшүн камсыз кылат".

Ал гана эмес деп жазат эксперт, эгер Россия азыркыдай газды акыркы керектөөчүгө жеткирүү саясатынын ордуна аны хабдар аркылуу сатуу стартегиясына өтө турган болсо, анда "лоукостер" (арзан газды өндүрүүчү) катары анын күчтүү сүйлөшүүчүлүк орду европалык рыноктун үлүшүн кеңейтүүгө алып келиши ыктымал. Бул россиялык энергетиканын "күнү бүткөн" шартта сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүсү келген европалык тараптын үмүт-тилегине каршы турат.

"Россия өз экономикасынын кыйроосу жөнүндө алдын ала айтууларга карабай, Европа менен кызматташтык келечегин рационалдуу баалоого негизделген жыйнактуу энергеликалык саясат жүргүзүүнү улантып жатат. <…> "Түр агымы" долбоорун "орустардын жалган дымагы" деп шылдың кылгандар, аны ишке ашыруу Москва үчүн эң алдыга коюлган максат экендигин акырындык менен түшүнүп, үн чыгарбай калышты", — дейт Бхадракумар.

Ал турсун, Jamestown Foundation америкалык борбордун жакында жүргүзгөн талдоосу "Россия менен Туүркиянын энергетикага байланышкан кызматташтыгы саясий жактан Анкаранын Москва менен жакындашуусуна алып келери айкын болууда. <…> Стратегиялык артыкчылык жагынан алганда бул энергетикалык шериктештик Евроатлантикалык коомчулук жана аймактык өнөктөштөр үчүн олуттуу сыноо болмокчу" дейт саясат таануучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0