БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. "Криминалдык авторитет Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлгөн факты боюнча күбө Кыргызстанда кармалгандыгы жөнүндө расмий маалымат бизге келген эмес", — деп билдиришти Sputnik кабарчысына Белоруссиянын тергөө комитетинин маалымат кызматынан.
Билдирүүгө ылайык, азыркы учурда белоруссиялык тергөөчүлөр криминалдык авторитеттин өлтүрүлгөндүгү боюнча күбөнүн кармалышы жөнүндө ЖМКда пайда болгон маалыматтарды текшерүүдө.
Колу-буту байланган эркек кишинин жансыз денеси 18-февралда Минскинин Карл Либкнехт көчөсүндө автоунаанын багаж бөлүгүнөн табылган. Белоруссияга келген туугандары өлгөн адам эл аралык издөө жарыяланган Анапияев экендигин таанышкан. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен маалымат булагы Анапияевди өлтүргөндү деген шек менен эки адам кармалгандыгын билдирген.