Анапияевдин өлтүрүлүшү жөнүндө күбөнүн айтып бергенин адвокат журналисттерге билдирди

© Sputnik / Ажар АлапаеваАдвокат свидетеля убийства Анапияева Кайрат Загибаев
Адвокат свидетеля убийства Анапияева Кайрат Загибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абилазизов Анапияев менен 2014-жылдын августунан тартып иштеген жана сурактын жүрүшүндө аны өлтүргөн деп шектелип жаткандарды тааныганын адвокат айтып берди.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Кримтөбөл делинген Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон Гүлжигит Абилазизовдун адвокаты Кайрат Загибаев Ички иштер министрлигинин Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлерине жактоочусунун берген көрсөтмөлөрү жөнүндө кенен айтып берди. 

Анын сөзүнө караганда, Абилазизов "спорт менен машыккан жана ишсиз жүргөн".

"Өткөн жылдын августунда ал тааныштарын Анапияевге байланышып, панкратион боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга материалдык жардам сурап берүүнү өтүнгөн. Бирок Анапияев бул жагынан жардам берген эмес, анын ордуна Абилазизовду жумушка чакырган. Ошол эле айда Абилазизовду Москвага алып келишип, ал жактан Минскке жиберишкен. Белоруссиянын борборуна келгенде Анапияев өзүлөрүнүн жашаган жана жүргөн жерлерин эч кимге айтпоону суранган. Башкача айтканда, бул толук жашыруун болчу. Абилазизов алардын үйүн кайтарып, тамак жасап берип турган", — деди Загибаев маалымат жыйынында.

Адвокат ошондой эле, Абилазизов КРдин жараны катары, 2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин кимге издөө жарыялангандыгын биле турганын кошумчалады. 

"Ал Анапияевге келген киши Айбек Абдразаков экенин тааныган. Абдразаков Бакиевдин убагында Уюшкан кылмыштуулуука жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. Ага президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүргөндүк үчүн шектелип, учурда издөө салынган. Абдразаков паспортун алмаштырып, Айдын Адылов болуп алган. Менин жактоочум Анапияев менен Абдразаковдун ортосундагы сөздү толук уккан эмес", — деди адвокат.

Курманбек Бакиев агасы Жанибек Бакиев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Анапияевди өлтүргөн Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча Лукашенкого кайрылды
Загибаевдин айтымында, 17-февралда Анапияев Абилазизовго саат 20.00дө меймандар келерин айтып, үйдөн чыгып, эшикти коомай таштап кетүүнү суранган. Анапияевдин үйүнө Айбек Абдразаков, келбети кавказдыктарга окшогон Рустам Сайдуллаев деген киши (ал азыр паспортун алмаштырып, Роман Александрович Дементьев деген ат менен жүрөт) жана ак чач, көз айнекчен киши келген. Акыркысы Жаныш Бакиев экенин Абилазизов кийинчерээк тааныган.

"Бир нече саат өткөндөн кийин, Абилазизов үшүп кетип подъезге кирип, ошол жерде күтүп турган. Саат 02.00 чамасында квартирадан кавказдык киши менен Абдразаков төшөккө оролгон оор таңгакты көтөрүп чыгып, Анапияевдин машинасына салышат. Андан кийин алар көчөдөн Абилазизовду издешет. Таппаган соң Абдразаков кайра өйдө көтөрүлүп, квартирадан көз айнекчен киши чыккандан кийин Абдразаков эшикти ачкыч менен бекитет. Бир сааттан кийин, үч киши Анапияевдин Mercedes машинасы жана Абдразаковдун Audi машиналары менен кеткенден кийин Абилазизов квартирага кирет. Анапияевди таппаган соң ал өз буюмдарын жана 4 миллион белорус рублун алып, Москвага досуна келет. Досу Абилазизовго аны идеп жатышканын айтат. Ошон үчүн ал Кыргызстанга келип бизге кайрылууну чечкен", — деп сөзүн аяктады адвокат.

Колу-буту байланган эркек кишинин жансыз денеси 18-февралда Минсктин Карл Либкнехт көчөсүндө автоунаанын багаж бөлүгүнөн табылган. Беларуссияга келген туугандары өлгөн адам эл аралык издөө жарыяланган Анапияев экендигин таанышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0