Мамытов: "Кумтөр" боюнча жагдай парламентте талкууланат

© Фото / kumtor.kgкумтор
кумтор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт Жогорку Кеңеште Centerra менен бирдей үлүштөгү биргелешкен "Кумтөр" ишканасын түзүү боюнча токтомдун аткарылышы туурасында отчет берет.

БИШКЕК, 22-фев — Sputnik. Парламент өкмөт менен "Кумтөр" боюнча жагдайды талкуулайт деп билдирди "Кыргызалтын" ААКтын төрагасы Токон Мамытов Sputnik маалымат сайтына.

Анын айтымында, министрлер кабинети ЖКга Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз-канада сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү боюнча отчет берүүгө даяр. 

"Биз депутаттар "Кумтөр" кени боюнча кабыл алган токтомдун пункттарынын аткарылышы туурасында отчет беребиз. Буга чейин парламент өкмөткө Centerra менен бирдей үлүштөгү биргелешкен "Кумтөр" ишканасын түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун даярдоону тапшырган", — деп билдирди Мамытов. 

Февралдын башында министрлер кабинети биргелешкен ишкана түзүү боюнча канадалык тарап менен макулдашууга жетише электигин билдирген.

Эс алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик геология "Жерүй" кен жайын төрт жылдан кийин ишке киргизүү ниетинде
Тараптардын жолугушуусунун жана кеңешүүлөрүнүн жыйынтыгында корпоративдик-укуктук суроолор боюнча ача пикирлерде, экология боюнча АМЕС компаниясынын сунуштарын ишке ашыруу боюнча тил табышууга мүмкүнчүлүк болду. Андан сырткары боло турган реструктуризациянын бардык экономикалык- каржылык аспектилери боюнча жасала турган биргелешкен мындан аркы кадамдар аныкталды. 

2014-жылдын 6-февралында Жогорку Кеңеш Өкмөт менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы бекитилген макулдашууну жактырган. Министрлер кабинетинен "Кыргызалтындын" үлүшүнүн реструктуризацияланышы боюнча жаңы макулдашуу 2009-жылдагы макулдашууга негиз катары алынат. "Кумтөр" кенин иштетүүнүн жаңы шарттар боюнча "Кыргызалтын" жана Centerra бирдей үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүлөт. Учурда кен боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Өкмөт "Кыргызалтынга" 100 пайыз ээлик кылат. "Кыргызалтын" республикадагы алтын кенин иштеткен бирден-бир мамлекеттик ири ишкана.

Жаңылыктар түрмөгү
0