Чаткал районунан мыйзамсыз сурьма казган 3 жаран ууланып каза болду

Жазылуу
Өз алдынча сурьма казууга тыюу салынганына карабастан Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары сурьма карьерлеринен аны казууну улантышууда.

БИШКЕК, 16-фев — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы 40-карьерден мыйзамсыз сурьма казган үч жаран газга ууланып өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чаткал району боюнча бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Сулайманов биздин кабарчыга билдирди.

Маалыматка ылайык, бул окуя 14-февралда болгон.

Сулаймановдун айтымында, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, алар сурьманы мыйзамсыз казышууда.

"Жергиликтүү тургундарга дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Бирок, ага карабастан тобокелге салып, сурьманы казгандар да болууда", — деди ал.

Жабык типтеги карьерден 100 метрдей тереңдиктен сурьма казып жаткан жеринен аба жетпей, ууланып үч жаран каза болгон. Алар: 34 жаштагы Жаркулов Үмөталы, 38 жаштагы Султанмурат Рыскулов жана 30 жаштагы Мырзаали Апасов.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында ачык жана жабык типтеги 50гө жакын карьер бар. Аталган аймакта сурьма бар кендин бир килограммы 60-70 сомдон сатылууда.

Жумушсуздук жана жашоо шарттын оор болушу жергиликтүү тургундарды мыйзамсыз түрдө сурьма казууга мажбурлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0