00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Укуктук мейкиндик": кредит алгандардын көбү келишимди текшербей кол коё беришет

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры и монеты разных стран
Денежные купюры и монеты разных стран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте кредит көйгөйү боюнча коомдук угуу болуп, бул жаатта нормативдик актыларды жакшыртуу, микрокредиттик уюмдардын ишине мониторинг жүргүзүү, элдин финансылык сабатын жакшыртуу сыяктуу бир катар көйгөйлөр айтылды.

Бишкек, 13-фев. — Sputnik. "Укуктук мейкиндик" коомдук фонду кредит алган жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүп, алардын көбү тараптуу келишимди карабай эле кол коё тургандыгын аныкташкан. Бул туурасында "Насыялык саясат: көйгөйлөр жана анын чечилиш жолдору" деп аталган коомдук угуу учурунда айтылды.

Сурамжылоого катышкан 1050 адамдын көпчүлүгү эки же андан ашык микрокомпаниядан насыя алгандар болуп чыккан. Алардын ичинен 5 пайызы эле насыялык келишим менен таанышып, 95 пайызы таанышпагандыгы, насыя төлөөдө көпчүлүгү башка компаниялардан насыя алып же акыркы мүлкүн сатып, насыясынан кутулган. Бул туурасында "Укуктук мейкиндик" коомдук фондусунун өкүлдөрү билдиришти.

Коомдук угууда анын катышуучулары банк жөнүндө мыйзамдар бир тараптуу болуп, элдин укуктарынан банктын укуктары жогорулугунан насыя алуучулар кыйын абалга туштугуп жаткандыктарын айтышты. Айрым микрокредиттик компаниялар насыяны төлөй албай калган учурларда ар кандай коркутуу, кыйноолорго чейин барып жатышкандыктарына конкреттүү мисалдарды келтиришти.

Насыя алуучулардын укугун коргоо уюмунун төрагасы Кубат Токсобаев мыйзамды актыларды жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. 

"Жеке жактардын банкротчулугу жөнүндө" мыйзам долбоорун кабыл алып берүүнү сунуштайм. Андан сырткары микрокредиттик компаниялардын жабылышын насыя алуучулардын атынан талап кылабыз", — деди Токсобаев. 

Коомдук угуунун жүрүшүндө, түзүлгөн мындай кырдаалдан чыгуунун жолдору катары насыя берүү боюнча жарнактарда акыркы пайыздык үстөктөр жазылып көрсөтүүсүн, бир эле учурда 2-3 банктан насыя алууну ооздуктоо, Улуттук банк тарабынан финансылык сабаттуулукту жайылтуу сындуу сунуштар айтылды.

Талкуунун соңунда депутат Айнуру Алтыбаева коомдук талкууда айтылган сунуш-пикирлерди иликтеп, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну, Улуттук банкка микрокредиттик компаниялардын ишине тыкыр мониторинг жүргүзүү, аларда мыйзам бузуу, алдамчылык менен иш алпарган кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо боюнча тапшырмалар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0